27-статья. Муниципалдык кызматтын кадрлар резерви
Күчүн жоготкон · 30.05.2016 редакциясы · III бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 30 мая 2016 года № 75.
Муниципалдык кызматтын кадрлар резерви (мындан ары - кадрлар резерви) - бул муниципалдык кызматтын муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө атайын топтолгон талапкерлердин тобу. Кадрлар резерви талапкерлердин арасында тиешелүү конкурстарды өткөрүү аркылуу жергиликтүү өзалдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан төмөндөкүлөрдөн түзүлөт:
- жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн конкурсунан өткөн адамдар, кенже административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө конкурстан өткөндөрдөн;
- жергиликтүү өзалдынча башкаруунун жетекчисинин сунуштамасы боюнча кызматка көтөрүлүүгө ат салышкан муниципалдык кызматчылардан;
- мекеменин жоюлушуна, штаттын кыскарышына, узакка созулган эмгекке жарамсыздыкка же ден соолугунун абалы боюнча убактылуу ылайык келбегенине байланыштуу кызмат орундарынан бошотулган муниципалдык кызматчылардан;
- кызмат ордуна дайындоого көрсөтүлүп, бирок өзүлөрүнө көзкаранды болбогон себептерден улам кызмат ордуна дайындалбай калган муниципалдык кызматчы катары кызматта турбагандардан;
- аттестациянын натыйжалары боюнча кызматынан жогорулоого сунуштоо кылынган жана өздөрүн резервге кошууга табыштама берген ошол органдарда муниципалдык кызмат орундарын ээлеген муниципалдык кызматчылардын арасынан.
Кадрлардын резервине киргизүүнүн дагы башка шарттары жана тартиби жана андан чыгаруу резервде турган адамдардын укуктары жергиликтүү өзалдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 30.05.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
27-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1565/st-27" title="27-статья - Муниципалдык кызмат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>