# 24-статья. Административдик кызмат орунун ээлеген муниципалдык

- Документ: [Муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1565)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 21-августунун № 165 "Муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 165
- Кабыл алынган күнү: 21.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.05.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 мая 2016 года № 75 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1565/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1498/edition/717724/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1565/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Муниципалдык кызмат жөнүндө, 24-статья (30.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1565/st-24

---

кызматчыларды аттестациялоо

Муниципалдык кызматчы эки жылда бирден көп эмес жана ээлеген кызмат ордуна, анын кесиптик деңгээлине ылайык келе тургандыгын, кызматынан өсүү келечегин аныктоо үчүн, класстык чин ыйгаруу үчүн төрт жылда бир аттестациядан өткөрүлүүгө тийиш. Муниципалдык кызматчыларды аттестациядан өткөрүүнүн тартиби, шарттары, аттестациялык комиссияны түзүүнүн тартиби, курамы Административдик кызмат орунун ээлеген муниципалдык кызматчыларды аттестациядан өткөрүү тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилген жобого ылайык аныкталат. Муниципалдык кызматчыны аттестациядан өткөрүүнүн натыйжалары боюнча төмөндөгүдөй чечим кабыл алынат:

- муниципалдык кызматтын кызмат ордун ээлөөгө ылайык келет, кезектеги класстык чинди ыйгарууга сунуш кылынат;

- муниципалдык кызматтын ээлеп турган кызмат орунуна ылайык келет, кезектеги класстык чинди ыйгарууга сунуш кылынбайт;

- муниципалдык кызматтын ээлеп турган кызмат орунуна ылайык келбейт.

Аттестациянын натыйжалары муниципалдык кызматтын аттестациялык барагына киргизилет. Жыйналышта болгон жана добуш берүүгө катышкан аттестациялык комиссиянын төрагасы, катчысы жана мүчөлөрү кол коюшат. Муниципалдык кызматчы аттестациялык барак менен тилкат аркылуу таанышат.

---

Мурунку берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1565/st-23)  
Кийинки берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1565/st-25)
