# 23-статья. Муниципалдык кызматтын ваканттык административдик

- Документ: [Муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1565)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 21-августунун № 165 "Муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 165
- Кабыл алынган күнү: 21.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.05.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 мая 2016 года № 75 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1565/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1498/edition/717724/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1565/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Муниципалдык кызмат жөнүндө, 23-статья (30.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1565/st-23

---

кызмат орунун ээлөөгө конкурс

Муниципалдык кызматтын ваканттык административдик кызмат орунун ээлөөгө конкурс ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык ага катышууга арыз берген жарандардын ортосунда өткөрүлөт. Конкурс документтер - конкурсу жана сыноо - конкурсу формасында муниципалдык кызматтын ваканттык административдик кызмат орунун ээлөөгө конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жободо белгиленген Кыргыз Республикасынын Президенти бекиткен тартипте конкурстук комиссиясы тарабынан сыноо өткөрүлөт. Конкурс өткөрүүнүн датасы, орду жана шарттары жөнүндөгү маалымат жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында кулактандыруу берүү жолу менен жарыяланууга тийиш. Ар бир катышуучуга конкурстун натыйжалары тууралу ал аяктаган күндөн тартып бир айдын ичинде жазуу жүзүндө билдирилет. Конкурстук комиссиянын чечими муниципалдык кызматтын тиешелүү кызмат орунуна дайындоо үчүн эмгек келишимин (контрактын) түзүү болбосо ушундай дайындоодон жүйөлөштүрүлгөн баш тартуу негиз болуп саналат.

---

Мурунку берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1565/st-22)  
Кийинки берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1565/st-24)
