# 22-статья. Муниципалдык кызматчыларды ротация кылуу (ордун которуу)

- Документ: [Муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1565)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 21-августунун № 165 "Муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 165
- Кабыл алынган күнү: 21.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.05.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 мая 2016 года № 75 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1565/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1498/edition/717724/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1565/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Муниципалдык кызмат жөнүндө, 22-статья (30.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1565/st-22

---

Муниципалдык кызмат орундарынын айрым категорияларын ээлеген муниципалдык кызматчыларды ротация кылуу (ордун которуу) муниципалдык кызматчылардын дараметин натыйжалуу пайдалануу, алардын кызматтык жана кесиптик жактан өсүүсү үчүн зарыл шарттарды түзүү, кызматтык мансабы жана муниципалдык кызматта кадрлардын туруктуу иштеши үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу, ошондой эле коррупция тобокелчилигин төмөндөтүү максатында жүргүзүлөт. Муниципалдык кызматчыларды ички жана ведомство аралык ротациялоо төрт жылдан ашырбастан бир жолу жүргүзүлөт. Эгерде түзүлгөн жагдай ушундай чараларды көрүүнү талап кылса, муниципалдык кызматка олуттуу зыян келтирбөө үчүн муниципалдык кызматчы башка ишке, башка жерге, башка муниципалдык органга ротациянын мөөнөтү келгенге чейин бирдей эле же ошого теңдеш кызмат ордуна которулушу мүмкүн. Негиздемени, ротациянын схемасын жана кабыл алуучу тарап менен макулдашууну муниципалдык кызматчы иштеген муниципалдык орган даярдайт. Ротация жүргүзүү үчүн муниципалдык кызматчынын макулдугу талап кыланат.

---

Мурунку берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1565/st-21)  
Кийинки берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1565/st-23)
