# 21-статья. Муниципалдык кызматтагы сыноо мөөнөтү

- Документ: [Муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1565)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 21-августунун № 165 "Муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 165
- Кабыл алынган күнү: 21.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.05.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 мая 2016 года № 75 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1565/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1498/edition/717724/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1565/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Муниципалдык кызмат жөнүндө, 21-статья (30.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1565/st-21

---

Муниципалдык кызматка биринчи кирип жаткан жана иш стажы болбогон адис зарыл тажрыйба алганын жана кесиптик сапаттарын текшерүү үчүн, тиешелүү муниципалдык органдын жетекчиси аны ээлеген кызмат орду боюнча айлык акы төлөп берүү менен үч айга чейин сыноо мөөнөтүн коюп, муниципалдык кызматка дайындай алат. Алдынала сыноо мөөнөтүндө кызматчы жүйөлүү себептер боюнча жумушта болбогон, убактылуу эмгекке жарамсыз учуру алдынала сыноо мөөнөтүнө киргизилбейт. Эгерде сыноо мөөнөтү өткөндөн кийин сыноонун натыйжасы канааттандыраарлык эмес деп табылса, анда муниципалдык кызматчы башка төмөн турган муниципалдык кызмат ордуна дайындалышы же муниципалдык кызматтан бошотулушу мүмкүн. Сыноо мезгилинде муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамга ушул Мыйзамдын таасири жайылтылат.

---

Мурунку берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1565/st-20)  
Кийинки берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1565/st-22)
