# 19-статья. Муниципалдык кызматчы үчүн кепилдиктер

- Документ: [Муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1565)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 21-августунун № 165 "Муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 165
- Кабыл алынган күнү: 21.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.05.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 мая 2016 года № 75 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1565/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1498/edition/717724/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1565/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Муниципалдык кызмат жөнүндө, 19-статья (30.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1565/st-19

---

Муниципалдык кызматчыга төмөндөгүдөй кепилдиктер берилет:

1) кызматтык милдеттерди аткарууну камсыз кылуучу иш шарттары;

2) эмгек акысы, дагы башка төлөмдөр;

3) ар жылдык акы төлөнүүчү өргүү;

4) кызматтык милдеттерин аткарышына байланыштуу анын ден соолугуна жана мүлкүнө залал келтирген учурда, милдеттүү түрдө мамлекеттик камсыздандыруу;

5) муниципалдык кызматта иштеп турган мезгилде же ал ишти токтоткондон кийин, бирок кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу ооруп калган же эмгекке жарамдуулугун жоготкондо милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу;

6) өзүн жана үй-бүлө мүчөлөрүн мыйзамдарда белгиленген тартипте кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу зордук-зомбулуктан, коркутуудан, дагы башка укукка сыйбаган иш-аракеттерден коргоо.

Жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы жоюлган, ошол органдын кызматчыларынын штаты кыскартылган учурда, муниципалдык кызматчыга ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жоюлушуна байланыштуу аларды жумуштан бошоткон учурда, Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдары менен кызматчылар үчүн белгиленген кепилдиктер берилет. Жергиликтүү жамааттын Уставы менен муниципалдык кызматчыга кошумча кепилдиктер каралышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1565/st-18)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1565/st-20)
