# 18-статья. Муниципалдык кызматчынын тартиптик жоопкерчилиги

- Документ: [Муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1565)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 21-августунун № 165 "Муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 165
- Кабыл алынган күнү: 21.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.05.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 мая 2016 года № 75 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1565/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1498/edition/717724/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1565/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Муниципалдык кызмат жөнүндө, 18-статья (30.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1565/st-18

---

Кызматтык жоругу, муниципалдык кызматчынын өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарбагандыгы жана талаптагыдай аткарбагандыгы, эмгек тартибин бузгандыгы, жүктөлгөн кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чапкандыгы, муниципалдык кызматка байланышкан ушул Мыйзамда белгиленген чектөөлөрдү сактабагандыгы үчүн муниципалдык кызматчыга төмөндөгүдөй тартиптик айыптар салынат:

1) сын-пикир;

2) сөгүш;

3) катуу сөгүш;

4) кызматына толук ылайык келбей тургандыгы жөнүндө эскертүү;

5) класстык ченин төмөндөтүү;

6) кызмат орунунан төмөндөтүү;

7) ар айлык кошумча акысын азайтуу;

8) ээлеген кызматынан бошотуу.

Муниципалдык кызматчыга тартиптик жаза кызматчыны кабыл алууга жана бошотууга укукка ээ кызмат адамы тарабынан берилет. Тартиптик жазаны колдонуунун тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык белгиленет.

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1565/st-17)  
Кийинки берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1565/st-19)
