# 16-статья. Муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына ат салышуучу жарандарга коюлуучу квалификациялык талаптар

- Документ: [Муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1565)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 21-августунун № 165 "Муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 165
- Кабыл алынган күнү: 21.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.05.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 мая 2016 года № 75 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 июля 2014 года № 138 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205359)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1565#diff=717730..717731>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1565/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1498/edition/717724/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1565/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Муниципалдык кызмат жөнүндө, 16-статья (30.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1565/st-16

---

Муниципалдык кызмат орундарын ээлөөчү муниципалдык кызматчыларга коюлуучу квалификациялык талаптарга төмөндөгүлөр киргизилет:

- муниципалдык кызмат орундарынын топторун жана адистешүүсүн эсепке алуу менен кесиптик билимдин деңгээли;

- адистик боюнча иш стажы жана тажрыйбасы;

- тиешелүү милдеттерди аткарууга карата Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билиши.

Муниципалдык кызмат орундарына ат салышкан жарандарда төмөндөгүлөр болушу зарыл: башкы муниципалдык кызмат орундары үчүн - муниципалдык же мамлекеттик кызмат стажы кеминде үч жыл , же болбосо жыйындысында үч жылдан кем эмес же адистик боюнча иш стажы кеминде беш жыл, муниципалдык кызмат орундарынын багыты боюнча кайра даярдоодон өтүшү менен жогорку кесиптик билими; улук муниципалдык кызмат орундары үчүн - муниципалдык же мамлекеттик кызмат стажы кеминде эки жыл , же болбосо жыйындысында эки жылдан кем эмес же адистиги боюнча иш стажы кеминде үч жыл, муниципалдык кызмат орундарынын багыты боюнча кайра даярдоодон өтүшү менен жогорку кесиптик билими же дагы башка жогорку билими; кенже муниципалдык кызмат орундары үчүн - муниципалдык кызмат орундарынын багыты боюнча кайра даярдоодон өтүшү менен орто кесиптик билими же орто билими. Муниципалдык кызмат орундарына коюлуучу кошумча талаптар Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актылары менен аныкталышы мүмкүн. (КР 2014-жылдын 17-июлундагы № 138, 2014-жылдын 17-июлундагы № 138 мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [15-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1565/st-15-1)  
Кийинки берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1565/st-17)
