# 15-1-статья. Терс негиздер боюнча муниципалдык кызматтан

- Документ: [Муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1565)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 21-августунун № 165 "Муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 165
- Кабыл алынган күнү: 21.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.05.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 мая 2016 года № 75 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1565/st-15-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1498/edition/717724/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Муниципалдык кызмат жөнүндө, 15-1-статья (30.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1565/st-15-1

---

бошотулган адамдардын реестри

Терс негиздер боюнча муниципалдык кызматтан бошотулган адамдардын реестри Эмгек кодексинин 83-статьясынын 5-пунктунда, 6-пунктунун "а", "б", "в", "д" пунктчаларында, 7, 9, 10 жана 11-пункттарында каралган негиздер боюнча ээлеген кызматтан бошотулган муниципалдык кызматчылар жөнүндө жеке маалыматтарды камтыйт. Терс негиздер боюнча муниципалдык кызматтан бошотулган адамдардын реестрин мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт. Терс негиздер боюнча муниципалдык кызматтан бошотулган адамдардын Реестрин түзүүнүн, жүргүзүүнүн, өзгөртүүнүн жана толуктоонун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет. Терс негиздер боюнча муниципалдык кызматтан бошотулган адамдардын Реестри бошогон администрациялык кызмат орундарды ээлөөгө конкурстук тандоодо колдонулушу мүмкүн. Реестрдин маалыматтары талапкерди ишке алуудан баш тартуу үчүн негиз болуп кызмат кылбайт. (КР 2013-жылдын 24-июлундагы № 157 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1565/st-15)  
Кийинки берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1565/st-16)
