# 12-статья. Муниципалдык кызматчылардын класстык чендери

- Документ: [Муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1565)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 21-августунун № 165 "Муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 165
- Кабыл алынган күнү: 21.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.05.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 мая 2016 года № 75 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 апреля 2008 года № 75 "О внесении изменений и дополнений в Закон КР "О муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/202286)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1565#diff=717726..717727>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1565/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1498/edition/717724/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1565/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Муниципалдык кызмат жөнүндө, 12-статья (30.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1565/st-12

---

Класстык чендер Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталган тартипте муниципалдык кызматтын саясий жана административдик кызмат орундарын ээлеген адамдарга ыйгарылат жана алар муниципалдык кызматчылардын муниципалдык кызматтын кызмат орундарынын классификациясына ылайык муниципалдык кызматтын муниципалдык кызмат орундарына коюлуучу классификациялык талаптарына, муниципалдык кызматчылардын кесиптик даярдыгынын деңгээлине ылайык келер-келбестигин көрсөтүп турат. Кыргыз Республикасында муниципалдык кызматчылардын төмөндөгүдөй класстык чендери жана алардын муниципалдык кызматтын муниципалдык кызмат орундарынын классификациясына ылайык келиши белгиленет:

- башкы муниципалдык кызмат орундары үчүн - Кыргыз Республикасынын 1, 2 жана 3-класстардагы муниципалдык кеңешчиси;

- улук "муниципалдык кызмат орундары үчүн - Кыргыз Республикасынын 1, 2 жана 3-класстардагы муниципалдык кызматынын кеңешчиси;

- кенже муниципалдык кызмат орундары үчүн - Кыргыз Республикасынын 1, 2 жана 3-класстардагы муниципалдык кызматтын инспектору.

Саясий муниципалдык кызмат ордунда иштеген муниципалдык кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын 1, 2 жана 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси класстык чини ыйгарылат жана ага аттестация же квалификациялык экзамен өткөрүүсүз ээ болот. Административдик муниципалдык кызматты ээлеген муниципалдык кызматкерлердин класстык чин алуу тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилген ченемдик укуктук актылар менен аныкталат. Муниципалдык кызматчылардын класстык чендери муниципалдык кызматчылар муниципалдык кызматтын башка муниципалдык кызмат орундарына которулганда же киргенде, ошондой эле муниципалдык кызматчылар муниципалдык кызматтан бошотулганда сакталат. Муниципалдык кызматчыларды мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кызмат орундарына которууга же киргизүүдө жана тескерисинче болгондо муниципалдык кызматчылардын класстык чендерин аларга мамлекеттик кызматчылардын тиешелүү класстык чендери ыйгарылганда сакталат жана эсепке алынат. Квалификациялык экзамендерди, аттестацияны, класстык чиндерди өткөрүүнүн тартиби муниципалдык кызматчылар муниципалдык кызматтын башка муниципалдык кызмат орундарына болбосо мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кызмат орунуна которулганда же киргенде, ошондой эле муниципалдык кызматтын муниципалдык кызматчысы бошотулганда, аларды ыйгаруунун жана сактоонун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет. (КР 2008-жылдын 28-апрелиндеги № 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1565/st-11)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1565/st-13)
