10-статья. Муниципалдык кызматка байланыштуу чектөөлөр
Күчүн жоготкон · 30.05.2016 редакциясы · II бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 30 мая 2016 года № 75.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 17 июля 2014 года № 138
Муниципалдык кызматчыга төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) мамлекеттик кызматта болууга;
2) администрациялык муниципалдык кызматты саясий муниципалдык кызмат менен айкалыштырууга;
3) педагогикалык, илимий жана башка чыгармачылык иштен тышкары акы төлөнүүчү бөлөк иш менен алектенүүгө. Мында эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же мамлекеттик бийлик органдарынын чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары, эл аралык же чет өлкөлүк уюмдары менен өз ара негизиндеги сүйлөшүүлөрүндө башкача каралбаса, окутуу, илимий жана башка чыгармачылык иш чет мамлекеттин, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдардын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын эсебинен каржыланбайт;
4) жеке өзү же ишенимдүү адамдар аркылуу ишкердик менен алектенүүгө, уюштуруу-укуктук формасына карабастан чарба жүргүзүүчү субъекттерди башкарууга жеке катышууга, ошондой эле өзүнүн кызмат абалын муниципалдык кызматчы же анын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн кандай болбосун тике же кыйыр пайда алуу менен ишкердикти жүзөгө ашырууда жеке же юридикалык жактарга көмөк көрсөтүү үчүн пайдаланууга;
5) эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, коммерциялык уюмдун башкаруу органынын мүчөсү болууга;
6) өзү муниципалдык кызматта турган же өзүнө түздөн-түз баш ийген же көзөмөлүндө болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында үчүнчү жактардын иштери боюнча ишке ишенимдүү адам же өкүл болууга;
7) кызматтык маалыматты, материалдык-техникалык, каржы жана маалыматтык камсыз кылуу каражаттарын жана башка мүлктү кызматтык эмес максаттарда пайдаланууга;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган кызматтык милдеттерин аткаруу менен байланыштуу жеке жана юридикалык жактардан сыйакыларды (ссудаларды, акчалай же башка сыйакыны, кызмат көрсөтүүлөрдү, көңүл ачууларга, эс алууларга, транспорт чыгымдарына төлөөнү ж.б.) жана белектерди алууга. Протоколдук иш-чараларга, кызматтык иш сапарларга жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу алынган белектер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын менчиги болуп таанылат жана акт боюнча тийиштүү болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органга өткөрүлүп берилет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысынын кызмат ордун, муниципалдык кызматты ээлеген, же туруктуу негизде ээлеп турган адам, протоколдук иш-чараларга, кызматтык иш сапарларга жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу алган белектерди тапшырса, аларды Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте сатып ала алат.
9) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле чет мамлекеттердин мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык жана коммерциялык эмес уюмдар менен келишүү боюнча эриш-аркак негизде жүзөгө ашырылуучу иш сапарларды кошпогондо, жеке же юридикалык жактардын каражаттарынын эсебинен иш сапарларга чыгууга;
10) иш таштоолорго катышууга, шайлоо кампанияларынын жана референдумдун учурунда шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө, ошондой эле мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин буза турган аракеттер менен алектенүүгө;
11) өзүнүн кызматтык ишине байланыштуу жана кызмат убагында саясий партиялардын, коомдук бирикмелердин жана диний уюмдардын иштерин кандайдыр бир формада түзүүгө, аларга катышууга же көмөк көрсөтүүгө; кызмат иштерин партиянын программаларына жана чечимдерине баш ийдирүүгө тыюу салынат. Өкүлчүлүктүү органдарда жана кесиптик бирликтерде фракцияларды түзүүнү кошпогондо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында саясий партиялардын, диний жана башка коомдук бирикмелердин түзүмдөрүн түзө алышпайт;
12) өзүнүн ыйгарым укугу болбой туруп, кызматы менен байланышкан милдеттенмелерди өзүнө алууга жана убада берүүгө;
13) эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же мамлекеттик бийлик органдарынын чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары, эл аралык же чет өлкөлүк уюмдары менен өз ара негизиндеги сүйлөшүүлөрүндө башкача каралбаса, башкаруу органдарынын, камкорчулук же байкоо кеңештеринин, башка чет өлкөлүк коммерциялык эмес өкмөттүк эмес уюмдардын жана алардын Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзгөн түзүмдүк бөлүмдөрүнүн курамына кирүүгө;
Ушул статьяда каралган чектөөлөрдү сактабай коюу фактысын белгилөө мамлекеттик кызматчыга карата ээлеген кызмат ордунан бошотууга чейинки тартипке чакыруу жоопкерчилик чарасын колдонуу үчүн негиз болуп саналат. Жергиликтүү өзалдынча башкаруунун бир эле органында жакын туугандык байланышы бар адамдардын (ата-эненин, жубайлардын, ага-ининин, эже-сиңди, карындашын, балдардын), эгерде алардын иши ошол туугандык байланыштардагы адамдардын бирине тикелей баш ийүүдө же контролдугу астында турса, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкасы каралбаса, бирге иштешине тыюу салынат. Мамлекеттик бийликке каршы кылмыш жасаганы үчүн соттуулугу бар адам, соттуулугу жоюлганына же алып салынганына карабастан муниципалдык кызматта боло албайт. Кош жарандыгы бар муниципалдык кызматкер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жетекчи кызмат ордун ээлей албайт. Муниципалдык кызмат орундарын төмөндөгүдөй адамдар ээлей албайт:
- квалификациялык талаптарга жооп бербегендер;
- эрезеге жетелектер;
- сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылгандар;
- мыйзамдарда белгиленген тартипте соттуулугу алына элек же жабыла элек адамдар;
- Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналбагандар.
Ушул статьянын 4-бөлүгүнүн мамлекеттик бийликке каршы кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу алып салынган же жоюлган адамдын муниципалдык кызматта болуу укугун чектөө бөлүгүндөгү жоболору муниципалдык кызматтын шайлануучу кызматына талапкер болгон адамдарга жайылтылбайт. (КР 2007-жылдын 27-февралындагы № 27, 2012-жылдын 10-августундагы № 164, 2014-жылдын 17-июлундагы № 138 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 30.05.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 17 июля 2014 года № 138 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 10 августа 2012 года № 164 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 27 февраля 2007 года № 27 "О внесении изменений и дополонений в Законы КР "О статусе депутатов местных кенешей", "О государственной службе", и "О муниципальной службе""Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1565/st-10" title="10-статья - Муниципалдык кызмат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>