# Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 19- августунун №159 "Саясий жана диний ынанымдары учун, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча репрессиялардын натыйжасында жапа чегип, акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жонундо" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизуу тууралу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 19- августунун №159 "Саясий жана диний ынанымдары учун, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча репрессиялардын натыйжасында жапа чегип, акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жонундо" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизуу тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 159
- Кабыл алынган күнү: 19.08.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.08.2004
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1559>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1492/edition/284724/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1559.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.08.2004 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 19- августунун №159 "Саясий жана диний ынанымдары учун, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча репрессиялардын натыйжасында жапа чегип, акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жонундо" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизуу тууралу" Мыйзамы (19.08.2004 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1559

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2004-жылдын 19-августу N 159

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Саясий жана диний ынанымдары үчүн, социалдык, улуттук

жана башка белгилери боюнча репрессиялардын натыйжасында

жапа чегип, акталган граждандардын укугу жана гарантиялары

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

толуктоо киргизүү тууралу

2004-жылдын 30-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны

тарабынан кабыл алынган

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1559/st-1)

"Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка

белгилери боюнча репрессиялардын натыйжасында жапа чегип, акталган

граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору,

1994-ж N 7, 220-ст.) төмөнкү толуктоо киргизилсин:

Мыйзам төмөнкү мазмундагы 13-статья менен толукталсын:

"13-статья.

Ушул Мыйзамдын 10 жана 11-статьяларынын колдонулушу Кыргыз Респуб-

ликасынын Башкы прокуратурасынын аларды саясий репрессиялардын натыйжа-

сында жапа чеккен деп табуу жөнүндө справкасы бар саясий репрессиялар-

дан жапа чеккен адамдарга жайылтылат.".

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1559/st-2)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын

ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

### [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1559/st-3)

Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев
