Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 19- августунун №159 «Саясий жана диний ынанымдары учун, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча репрессиялардын натыйжасында жапа чегип, акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жонундо» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизуу тууралу» Мыйзамы
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2004-жылдын 19-августу N 159
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Саясий жана диний ынанымдары үчүн, социалдык, улуттук
жана башка белгилери боюнча репрессиялардын натыйжасында
жапа чегип, акталган граждандардын укугу жана гарантиялары
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
толуктоо киргизүү тууралу
2004-жылдын 30-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны
тарабынан кабыл алынган
1-статья.
"Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка
белгилери боюнча репрессиялардын натыйжасында жапа чегип, акталган
граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору,
1994-ж N 7, 220-ст.) төмөнкү толуктоо киргизилсин:
Мыйзам төмөнкү мазмундагы 13-статья менен толукталсын:
"13-статья.
Ушул Мыйзамдын 10 жана 11-статьяларынын колдонулушу Кыргыз Респуб-
ликасынын Башкы прокуратурасынын аларды саясий репрессиялардын натыйжа-
сында жапа чеккен деп табуу жөнүндө справкасы бар саясий репрессиялар-
дан жапа чеккен адамдарга жайылтылат.".
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын
ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-статья.
Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.