Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин (Иран Ислам Республикасынын Тегеран шаарында өтүүчү Ислам Конференциясы Уюмунун мүчө өлкөлөрүнүн аялдардын иштери боюнча министрлердин жана жооптуу жетекчилердин «Аялзаты, үй-бүлө жана экономика» аттуу жыйынына катышуу үчүн) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ БУЙРУК 2010-жылдын 15-декабры № 144-П Иран Ислам Республикасынын Тегеран шаарында 2010-жылдын 18-22-декабрында өтүүчү Ислам Конференциясы Уюмунун мүчө өлкөлөрүнүн аялдардын иштери боюнча министрлердин жана жооптуу жетекчилердин «Аялзаты, үй-бүлө жана экономика» аттуу жыйынына катышуу үчүн:
1.Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Абдуллаева Уктомхан Авазовна(*)
-Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, делегациянын башчысы;
Мамбетаипова Чолпон Асаналиевна
-Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы Балдарды коргоо боюнча департаментинин директору;
Карашева Тамара Ташматовна
- Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин проректору;
Рыскулбеков Тилек Жанаевич(*)
- Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин жардамчысы.
2.Командировкалык чыгымдарды төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө» токтомунда белгиленген нормаларга ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.
Эскертүү:
*- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2010-жылга чыгымдарынын сметасы боюнча каралган каражаттардын эсебинен командировкага жиберилет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы №471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 26.08.2008 · № 471 · Күчүн жоготкон