# Распоряжение Правительства КР от 20 декабря 2004 года №829

- Толук аталышы: Распоряжение Правительства КР от 20 декабря 2004 года №829
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 829
- Кабыл алынган күнү: 20.12.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/15379>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-1576/edition/295528/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/15379.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Распоряжение Правительства КР от 20 декабря 2004 года №829 (14.06.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/15379

---

Кыргыз Республикасынын Үкмөтүнүн 2005-жылдын 14-июнундагы

№252 буйругуна ылайык күчүн жоготту

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2004-жылдын 20-декабры N 829-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

"Кыргыз Республикасында архив иштеринин абалы жана аны жакшыртуу

боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын

29-апрелиндеги N 264 токтомун аткаруу жана Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архив кызматынын материалдык-техникалык

базасын чыњдоо максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги белгиленген тартипте

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архив кызматынын

балансына Бишкек шаары, П.Лумумба көчөсү, 165 дареги боюнча жайгашкан

имаратты жанындагы аймагы менен өткөрүп берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-

лекеттик комитети белгиленген тартипте:

- ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн имаратты кабыл

алуу-өткөрүүнү камсыз кылсын;

- мамлекттик администрациялык имараттарды мамлекеттик башкаруу ор-

гандарынын пайдалануулары боюнча Топтомо реестрге өзгөртүү киргизсин.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнө

жүктөлсүн.

Премьер-министр Н.Танаев
