# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-февралындагы № 44-б атайын комиссия түзүлүүсү жөнүндө

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-февралындагы № 44-б атайын комиссия түзүлүүсү жөнүндө
- Актынын түрү: Соглашение
- Номери: 44
- Кабыл алынган күнү: 03.02.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.11.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/15315>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/63-23/edition/295450/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/15315.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-февралындагы № 44-б атайын комиссия түзүлүүсү жөнүндө (16.11.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/15315

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 3-февралы № 44-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын

16-ноябрындагы №638-б буйругунун редакциясында)

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун

"Ишкердик субъекттеринин ишине контролдоочу, укук коргоочу жана башка

мамлекеттик органдардын кийлигишүүсүн чектөө боюнча чаралар жөнүндө"

2005-жылдын 23-июлундагы № 284 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасында

ишкердикти өнүктүрүүгө кедергилик кылган тоскоолдуктарды жана ашыкча

мамлекеттик функцияларды жоюу максатында:

1. Ишкердик ишиндеги бөгөттөрдү жана бардык өзүн актабаган ашыкча

мамлекеттик функцияларды жоюуга багытталган мыйзамдык жана башка

сунуштарды даярдоо боюнча тиркемеге ылайык курамда атайын комиссия

(мындан ары - комиссия) түзүлсүн.

2. Комиссия:

- эки жумалык мөөнөттө мыйзамдык жана башка сунуштарды даярдоо

боюнча иштин регламентин бекитсин;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун

"Ишкердик субъекттеринин ишине контролдоочу, укук коргоочу жана башка

мамлекеттик органдардын кийлигишүүсүн чектөө боюнча чаралар жөнүндө"

2005-жылдын 23-июлундагы № 284 Жарлыгын аткаруу боюнча иш-чаралардын

планын иштеп чыксын жана белгиленген тартипте бекитсин.

3. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу экендиги белгиленсин:

- иш процессинде келип чыккан маселелерди чечүү үчүн

министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык

ведомстволордун адистерин, жергиликтүү жана чет өлкөлүк (макулдашуу

боюнча) эксперттер менен консультанттарды тартуу менен убактылуу

жумушчу топторун түзүүгө;

- мамлекеттик башкаруу органдарынан зарыл маалыматтарды сурап

алууга;

- мамлекеттик башкаруу органдарынын жетекчилерин өздөрүнүн

заседаниесине чакырууга.

4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык

ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери комиссиянын

ишине ар тараптан көмөк көрсөтүшсүн.

5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Биринчи вице-премьер-министрине жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 3-февралындагы № 44-6

буйругуна тиркеме

Ишкердик ишиндеги бөгөттөрдү жана бардык өзүн актабаган ашыкча

мамлекеттик функцияларды жоюуга багытталган мыйзамдык жана башка

сумуштарды даярдоо боюнча атайын комиссиянын

КУРАМЫ

Керимкулов М.Т. - Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-

министри, комиссиянын төрагасы,

Молдокулов С.А. - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, соода жана

туризм министринин биринчи орун басары,

комиссиянын төрагасынын орун басары,

комиссия мүчөлөрү:

Артыкбаев О.М. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин

депутаты (макулдашуу боюнча),

Байболов К.К. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин

депутаты (макулдашуу боюнча),

Салымбеков М.М. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин

депутаты (макулдашуу боюнча),

Эсенаманов З.С. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин

депутаты (макулдашуу боюнча),

Мирзакаримов Ш.М. - Кыргыз Республикасынын ички иштер

министринин биринчи орун басары,

Исмаилов М.А. -Кыргыз Республикасынын экономика жана

финансы министринин орун басары,

Мамыров Э.Т. - Кыргыз Республикасынын Юстиция

министрлигипин статс-катчысы,

Умралин Б.Р. - Кыргыз Республикасынын Финансылык полияция

кызматынын торагасынын биринчи орун басары

(макулдашуу боюнча),

Курманалиев К.Б. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

Мамлекеттик бажы инспекциясынын директорунун

орун басары,

Жумабаев Ш.Г. - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук

кызматынын төрагасынын орун басары

(макулдашуу боюнча),

Мамбетов К.Б. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо

министрлигинин статс-катчысы,

Умар Шавуров - Эл аралык ишкер кењешинин аткаруучу

директору (макулдашуу боюнча),

Теренс Сливка - "ПРАГМА" корпорациясынын сооданы өнүктүрүү

жана инвестициялар боюнча ЮСАИД долбоорунун

региондук директору (макулдашуу боюнча),

Хюльзен Рюдигер - Герман техникалык кызматташтык коомунун

(GTZ) Кыргыз Республикасындагы өкүлү

(макулдашуу боюнча),

Кемпл Брайан - АРД/ЧЕКИ ишке ашыруучу коммерциялык укукту

өнүктүрүү боюнча ЮСАИД долбоорунун директору

(макулдашуу боюнча),

Сезин Синаноглу - ПРООНдун туруктуу өкүлүнүн орун басары

(макулдашуу боюнча),

Хасанов Р.Ф. - "Инвестициялык тегерек стол" коомдук

бирикмесинин аткаруучу администратору

(макулдашуу боюнча),

Румянцева М.Н. - Кыргызстан директорлор гильдиясынын

президенти, ""Бишкексүт" акционердик коомунун

башкы директору (макулдашуу боюнча),

Асанов С.Ж. - Жењил өнөр жай өндүрүшчүлөр ассоциациясынын

төрагасы (макулдашуу боюнча),

Абдрахманов О - Кыргызстан ишкерлер союзунун президентинин

милдетин аткаруучу (макулдашуу боюнча),

Шабданалиев Т. - Кыргыз Республикасынын бизнес-,

ассоциациялар конгрессинин төрагасы

(макулдашуу боюнча),

Кемпл Ирина - "Салыктык консультанттар палатасы" коомдук

бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу

боюнча),

Сооронбаев Д.Ш. -"Ак-Жол" жоопкерчилиги чектелген коомунун

президенти (макулдашуу боюнча),

Бекмамбетов Т.М., - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана

туризм министрлигинин ишкердикти өнүктүрүү

башкармалыгынын начальнигинин милдетин

аткаруучу, комиссиянын катчысы,

Бекитаев М.А. - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана

туризм министрлигинин текшерүүлөрдү

контролдоо бөлүмүнүн башчысы

Орозбаева А.Ж. - Кыргыз Республикасынын Премьер-

министринин Аппаратынын реформаларды,

мамлекеттик программаларды жана долбоорлорду

укуктук жактан камсыздоо башкармалыгынын

начальнигинин милдетин аткаруучу.

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппарат

Жетекчиси - министр Т.Коеналиев
