Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кен казып алуу өнөр жайында жана жаратылышты пайдалануу секторунда киреше бөлүгүн башкаруу жана администрациялоо жагындагы потенциалды арттыруу максатына грант жөнүндө (IDF Grant № ТF053432) Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Макулдашуу-Катты ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 18-марты № 162
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кен казып алуу өнөр жайында жана жаратылышты
пайдалануу секторунда киреше бөлүгүн башкаруу жана
администрациялоо жагындагы потенциалды арттыруу максатына
грант жөнүндө (IDF Grant № ТF053432) Кыргыз Республикасы
менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы
Макулдашуу-Катты ратификациялоо тууралуу" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыр-
гыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Рес-
публикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекет ичиндеги жол жоболорду атка-
руу максатында Кыргыз Республикасынын Өшөтү токтом кылат:
1. Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен Кыргыз
Республикасынын Финансы министрлигинин ортосунда кат алмашуу жолу менен
түзүлгөн "Кен казып алуу өнөр жайында жана жаратылышты пайдалануу сек-
торунда киреше бөлүгүн башкаруу жана администрациялоо жагындагы потен-
циалды арттыруу максатына грант жөнүндө (IDF Grant № ТF053432) Кыргыз
Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Ма-
кулдашуу-Катты ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам
долбооруна макулдук берилсин.
2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министри көрсөтүлгөн маселени
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.