# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жузого ашыруунун тартиби жонундо](https://aqlex.ai/kg/doc/1520)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2004-жылдын 13-августунун № 121 " Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жузого ашыруунун тартиби жонундо"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 121
- Кабыл алынган күнү: 13.08.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.05.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 13 мая 2023 года № 100 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О порядке осуществления контрольных функций Жогорку Кенешем Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112580)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 13.05.2023 [Закон Кыргызской Республики от 13 мая 2023 года № 100 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О порядке осуществления контрольных функций Жогорку Кенешем Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112580); 30.03.2023 [Закон Кыргызской Республики от 30 марта 2023 года № 76 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О порядке осуществления контрольных функций Жогорку Кенешем Кыргызской Республики", "О порядке освещения деятельности Жогорку Кенеша Кыргызской Республики в государственных средствах массовой информации")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112585); 13.07.2012 [Закон КР от 13 июля 2012 года № 109 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О порядке осуществления контрольных функций Жогорку Кенешем Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203709); 31.07.2007 [Закон КР от 31 июля 2007 года №122 " О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики "О порядке осуществления контрольных функций Жогорку Кенешем Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202155)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1520#diff=1252664..1252665>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1520/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1454/edition/1252661/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1520/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.05.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жузого ашыруунун тартиби жонундо, 2-берене (13.05.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1520/st-2

---

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттери Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 82-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган мыйзамдардын жана чечимдердин аткарылышын контролдойт. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышына контролдук кылуу тийиштүү мыйзам күчүнө киргенден тартып кеминде 3 айдан кийин гана жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши өзү карай турган маселелер боюнча токтом түрүндө кабыл алган чечимдеринин аткарылышына контролдук кылууну чечимде көрсөтүлгөн мөөнөттөн мурда жүзөгө ашыра албайт. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун аткарылышын контролдоо жүктөлгөн жактар квартал сайын же токтомдо көрсөтүлгөн мөөнөттө анын аткарылышынын абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымдап турууга милдеттүү. (КР 2007-жылдын 31-июлундагы № 122, 2012-жылдын 13-июлундагы № 109, 2023-жылдын 30-мартындагы № 76, 2023-жылдын 13-майындагы № 100 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1520/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1520/st-3)
