# 8-берене. Китепканалардан пайдалануучу өзгөчө топтордун укугу

- Документ: [Китепкана иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/152)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 16-ноябрындагы № 145 "Китепкана иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 145
- Кабыл алынган күнү: 16.11.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2020
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 мая 2017 года № 90 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О библиотечном деле"](https://aqlex.ai/kg/doc/111598)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/152#diff=1018517..1018518>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/152/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-140/edition/1018515/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/152/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Китепкана иши жөнүндө, 8-берене (18.07.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/152/st-8

---

Улуттук азчылыктардын өкүлдөрү алардын тилинде китепкана фонду бар болсо, аны пайдаланууга укуктуу. Көрүү боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жалпыга жеткиликтүү жана атайын адистештирилген китепканаларда тейленүүгө укугу бар. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү китепканалардын имараттарынын жеткиликтүүлүгү жана тейлөөнүн ыңгайлуулугу боюнча шарттарды түзүүгө милдеттүү. Жашы улгайып калган, китепканадан пайдаланууга мүмкүнчүлүгү жок саламаттыгы начар китепкана пайдалануучулары жалпы пайдалануудагы китепканалардын фонддорунан документтерди мамлекеттик программалардын тийиштүү бюджеттери менен каражаттарынын эсебинен каржылоо камсыз кылынган тейлөөнүн сырттан же көчмө формалары аркылуу алууга укуктуу. Балдар жана өспүрүм курагындагылардын китепканасын пайдалануучулар жалпы пайдалануудагы балдар жана өспүрүмдөрдүн адистешкен мамлекеттик китепканаларынан, ошондой эле уставдарына ылайык билим берүү мекемелеринин китепканаларынан пайдаланууга укуктуу. (КР 2017-жылдын 25-майындагы № 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/152/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/152/st-9)
