# 7-берене. Китепканалардан пайдалануучулардын укугу

- Документ: [Китепкана иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/152)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 16-ноябрындагы № 145 "Китепкана иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 145
- Кабыл алынган күнү: 16.11.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2020
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 мая 2017 года № 90 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О библиотечном деле"](https://aqlex.ai/kg/doc/111598)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/152#diff=1018517..1018518>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/152/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-140/edition/1018515/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/152/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Китепкана иши жөнүндө, 7-берене (18.07.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/152/st-7

---

Китепканалардан пайдалануучулардын бардыгы китепканаларга кирүүгө укуктуу жана өздөрүнүн суроо-талаптары менен кызыкчылыктарына ылайык китепканаларды эркин тандап алуу укугуна ээ. Китепканалардын фондуларына жеткиликтүүлүк тартиби, негизги кызмат көрсөтүүлөрдүн жана китепканалардын аларды көрсөтүү шарттарынын тизмеги китепканалардын уставдарына, мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө мыйзамдарга, автордук жана чектеш укуктар жөнүндө мыйзамдарга жана тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу тууралуу мыйзамдарга ылайык белгиленет. Китепканаларды пайдалануучулар керектүү документтерди, китепканалык фонддорунун саны жөнүндө маалыматты бардык китепканалардан акысыз алуу укугуна ээ. Граждандар жалпы пайдалануудагы китепканаларда: инсандыгы ким экендигин күбөлөндүргөн документтерин көрсөтүү менен китепканалардын пайдалануучулары болуп калууга; каталогдор системасы жана китепкана маалыматтарынын башка формалары аркылуу китепкана фонддорунун курамы жөнүндө акысыз толук маалымат алууга; маалымат башаттарын издөөдө жана тандоодо акысыз консультациялык жардам алууга; китепкана фондунан убактылуу пайдаланууга ар кандай документти акысыз алууга; башка китепканалардан китепканалар аралык абонент боюнча документтерди жана алардын көчүрмөлөрүн алууга; Интернетке кирүүгө мүмкүнчүлүк алуу; тизмеси китепкананы пайдалануу эрежелеринде аныкталган ар кандай кызмат көрсөтүүлөрдөн, анын ичинде акы төлөнгөн кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдаланууга укуктуу. Китепканадан пайдалануучулар мамлекеттик жана областтык, шаардык, райондук китепканалардан тейленүүгө, кыргыз жана орус тилдериндеги документтерди алууга укуктуу. Китепканадан пайдалануучу өзүнүн укугуна шек келтирген китепкана кызматкерлеринин аракеттерине байланыштуу сотко даттана алат. (КР 2017-жылдын 25-майындагы № 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/152/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/152/st-8)
