# 6-берене. Китепкана ишмердүүлүгүнө укук

- Документ: [Китепкана иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/152)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 16-ноябрындагы № 145 "Китепкана иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 145
- Кабыл алынган күнү: 16.11.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/152/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-140/edition/1018515/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/152/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Китепкана иши жөнүндө, 6-берене (18.07.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/152/st-6

---

Каалаган юридикалык же жеке жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында китепкана түзүү укугуна ээ. Граждандар китепканалардын жетекчилеринин же аларды түзүүчүлөрдүн макулдуктары боюнча түзүлгөн камкорчулук, окурмандык кеңештердин же башка окурмандардын бирикмелеринин иш-аракеттерине катышуу укугуна ээ. Китепканалардын кызматкерлери китепканалык тейлөөнү өнүктүрүүгө, кесиптик биригүүгө, өздөрүнүн социалдык жана кесиптик укуктарын коргоого көмөктөшүү максаттарында коомдук бирикмелерди түзүү укугуна ээ. Тарыхый-маданий мурас объекттерине кирүүчү өзгөчө мааниси бар басылмаларды жана коллекциялар камтыган жеке менчик жыйнак документтери бар граждандар мындай жыйнак документтери тарыхый-маданий мурас катары тийиштүү республикалык аткаруу бийлигинин, областтык, шаардык, райондук аткаруу бийликтеринин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каттоосунан өтсө алар сактоо боюнча мамлекет тарабынан колдоо укугуна ээ.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/152/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/152/st-7)
