# 5-берене. Китепканалык тейлөөгө укук

- Документ: [Китепкана иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/152)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 16-ноябрындагы № 145 "Китепкана иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 145
- Кабыл алынган күнү: 16.11.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/152/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-140/edition/1018515/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/152/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Китепкана иши жөнүндө, 5-берене (18.07.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/152/st-5

---

Ар бир граждан жынысына, курагына, улутуна, билимине, социалдык абалына, саясий көз карашына, динге болгон мамилесине карабастан Кыргыз Республикасынын аймагында китепканалык тейлөө укугуна ээ. Граждандарды китепканалык тейлөө укугун:

- китепканалык тейлөөнүн негизги түрлөрү акысыз ишке ашырылуучу мамлекеттик, областтык, шаардык, райондук жалпы пайдалануудагы китепканаларды түзүү менен;

- уюштуруу-укуктук формаларына жана менчик формаларына, ишкердик адистешүүсүнө жана камтыган чөйрөсүнө көз каранды болбогон юридикалык жана жеке жактардын китепкана түзүлүштөрүн мамлекеттик жөнгө салган китепканалардын көп түрү менен камсыз кылат.

Граждандардын китепканалык тейлөө тармагындагы укуктары бул тармактагы мамлекеттик жана анын бардык тармактарынын, коомдук бирикмелердин, диний жана башка уюмдардын укуктарына жараша артыкчылыктарга ээ.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/152/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/152/st-6)
