# 20-берене. Борбордук китепканалар

- Документ: [Китепкана иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/152)
- Документтеги орду: VI бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 16-ноябрындагы № 145 "Китепкана иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 145
- Кабыл алынган күнү: 16.11.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2020
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 мая 2017 года № 90 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О библиотечном деле"](https://aqlex.ai/kg/doc/111598)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/152#diff=1018517..1018518>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/152/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-140/edition/1018515/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/152/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Китепкана иши жөнүндө, 20-берене (18.07.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/152/st-20

---

Китепкана пайдалануучуларына документтердин универсалдуу жыйнактарын түзүүнү, сактоону жана берүүнү жүргүзгөн, китепкана ресурстарын өз ара пайдаланууну уюштурууну жүзөгө ашырган жана башка китепканаларга методикалык жардамдарды көрсөткөн китепканаларга (областтык, шаардык, райондук) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү тартипте "борбордук" статусу ыйгарылат. Борбордук китепкананын функцияларын төмөнкүлөр аткарышат: областта - областтык китепкана; шаарда - борбордук шаардык китепкана; райондо - борбордук райондук китепкана. Борборлоштурулган китепкана өзү тейлеген аймактын чегинде китепканалардан пайдалануучуларга ар тараптуу документтердин жыйнагын чогултууга, сактоого жана сунуш кылууга, китепкана ресурстарын биргелешип пайдаланууну жана китепканаларга усулдук жардам көрсөтүүнү уюштурууга милдеттүү. Мамлекеттик бийликтин областтык, шаардык, райондук органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тармактын түзүлүшү жана китепканалардан пайдалануучулардын өзгөчө топторун тейлөө боюнча (балдардын жана өспүрүмдөрдүн курактагы, азиздер менен начар көргөндөрдүн ж.б.) адистешкен борбордоштурулган китепканаларды түзүшү мүмкүн. Борборлоштурулган китепканалардын милдети - белгиленген тартипке ылайык бир нече китепканалардын ортосунда бөлүштүрүлүшү мүмкүн. Мындай болгон учурда алар өздөрүнүн кызмат көрсөтүүлөрүнүн көлөмүнө жараша бюджеттен каржыланат. Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары борбордук китепканалардын жетекчилигинде турган региондордун борборлоштурулган китепкана системасынын курамына кирген, баштапкы звенодон - айылдык жана шаардык китепканалардан - филиалдардан турган, өз кезегинде ушул региондордун областтык китепканалары менен бириккен, жалпы пайдалануудагы китепканалардын бирдиктүү тармагын сактап калууну камсыз кылышат. (КР 2017-жылдын 25-майындагы № 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/152/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/152/st-21)
