Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
20-берене. Борбордук китепканалар
Күчүндө · 18.07.2020 редакциясы · VI бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 мая 2017 года № 90
Китепкана пайдалануучуларына документтердин универсалдуу жыйнактарын түзүүнү, сактоону жана берүүнү жүргүзгөн, китепкана ресурстарын өз ара пайдаланууну уюштурууну жүзөгө ашырган жана башка китепканаларга методикалык жардамдарды көрсөткөн китепканаларга (областтык, шаардык, райондук) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү тартипте "борбордук" статусу ыйгарылат. Борбордук китепкананын функцияларын төмөнкүлөр аткарышат: областта - областтык китепкана; шаарда - борбордук шаардык китепкана; райондо - борбордук райондук китепкана. Борборлоштурулган китепкана өзү тейлеген аймактын чегинде китепканалардан пайдалануучуларга ар тараптуу документтердин жыйнагын чогултууга, сактоого жана сунуш кылууга, китепкана ресурстарын биргелешип пайдаланууну жана китепканаларга усулдук жардам көрсөтүүнү уюштурууга милдеттүү. Мамлекеттик бийликтин областтык, шаардык, райондук органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тармактын түзүлүшү жана китепканалардан пайдалануучулардын өзгөчө топторун тейлөө боюнча (балдардын жана өспүрүмдөрдүн курактагы, азиздер менен начар көргөндөрдүн ж.б.) адистешкен борбордоштурулган китепканаларды түзүшү мүмкүн. Борборлоштурулган китепканалардын милдети - белгиленген тартипке ылайык бир нече китепканалардын ортосунда бөлүштүрүлүшү мүмкүн. Мындай болгон учурда алар өздөрүнүн кызмат көрсөтүүлөрүнүн көлөмүнө жараша бюджеттен каржыланат. Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары борбордук китепканалардын жетекчилигинде турган региондордун борборлоштурулган китепкана системасынын курамына кирген, баштапкы звенодон - айылдык жана шаардык китепканалардан - филиалдардан турган, өз кезегинде ушул региондордун областтык китепканалары менен бириккен, жалпы пайдалануудагы китепканалардын бирдиктүү тармагын сактап калууну камсыз кылышат. (КР 2017-жылдын 25-майындагы № 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 18.07.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 25 мая 2017 года № 90 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О библиотечном деле"Редакцияларды салыштыруу
25.05.2017 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
алынып салынды: Борбордук китепканалар
Мамлекеттик бийликтин областтык, шаардык жана райондук органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алдыңкы көп тармактуу китепканаларга төмөнкүдөй кызматтарды аркалаган борборлоштурулган китепкана статусун ыйгаруулары мүмкүн:
областта-областтык китепкана;
шаарда - шаардык борбордоштурулган китепкана;
райондо - райондук борбордоштурулган китепкана.
Борборлоштурулган китепкана өзү тейлеген аймактын чегинде китепканалардан пайдалануучуларга ар тараптуу документтердин жыйнагын чогултууга, сактоого жана сунуш кылууга, китепкана ресурстарын биргелешип пайдаланууну жана китепканаларга усулдук жардам көрсөтүүнү уюштурууга милдеттүү.
Мамлекеттик бийликтин областтык, шаардык, райондук органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тармактын түзүлүшү жана китепканалардан пайдалануучулардын өзгөчө топторун тейлөө боюнча (балдардын жана өспүрүмдөрдүн курактагы, азиздер менен начар көргөндөрдүн ж.б.) адистешкен борбордоштурулган китепканаларды түзүшү мүмкүн.
Борборлоштурулган китепканалардын милдети - белгиленген тартипке ылайык бир нече китепканалардын ортосунда бөлүштүрүлүшү мүмкүн. Мындай болгон учурда алар өздөрүнүн кызмат көрсөтүүлөрүнүн көлөмүнө жараша бюджеттен каржыланат.
Борборлоштурулган китепканалар ошондой эле министрликтер, аткаруу бийлигинин жана башка органдары тарабынан түзүлүшү мүмкүн.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/152/st-20" title="20-берене - Китепкана иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>