# 19-берене. Китепканалык тейлөөнү координациялоону жана кооперациялоону камсыз кылууга мамлекеттин катышуусу

- Документ: [Китепкана иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/152)
- Документтеги орду: VI бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 16-ноябрындагы № 145 "Китепкана иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 145
- Кабыл алынган күнү: 16.11.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2020
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 мая 2017 года № 90 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О библиотечном деле"](https://aqlex.ai/kg/doc/111598)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/152#diff=1018517..1018518>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/152/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-140/edition/1018515/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/152/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Китепкана иши жөнүндө, 19-берене (18.07.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/152/st-19

---

Китепканадан пайдалануучулардын маалыматка болгон керектөөлөрүн кыйла толук канааттандыруу, китепкана фонддорун сарамжалдуу пайдалануу үчүн мамлекет алардын ресурстарын өз ара пайдаланууга түрткү берет. Бул максатта мамлекеттик бийлик органдары мамлекеттик, анын ичинде борбордук китепкананын функциясын аткаруучу китепканаларды алардын ресурстарын (китепканалар аралык абонементти, жыйынды каталогдорду, маалыматтардын автоматташтырылган базаларын, депозитарийлерди) өз ара пайдалануу үчүн шарттарды түзүү боюнча ишин каржылайт. Мамлекеттик маалыматтык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу үчүн китепканалар илимий-техникалык маалыматтар мекемелери, архивдер, ар кандай деңгээлдеги маалыматтык базасы бар башка ишканалар жана уюмдар менен өз ара аракеттенишет. Алардын өз ара аракеттенүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Китепканалардын ишин координациялоо максатында Ведомстволор аралык китепканалык кеңеш түзүлөт, ал китепканаларды өнүктүрүүнүн стратегиясы, китепканалык улуттук программа, китепканалардын ишин координациялоо, китепкана ишинин эң маанилүү маселелери менен иштөөгө чакырылган эксперттик жана консультациялык орган болуп саналат. Ведомстволор аралык китепканалык кеңештин иши Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат. (КР 2017-жылдын 25-майындагы № 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/152/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/152/st-20)
