# 18-берене. Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы

- Документ: [Китепкана иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/152)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 16-ноябрындагы № 145 "Китепкана иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 145
- Кабыл алынган күнү: 16.11.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2020
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 мая 2017 года № 90 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О библиотечном деле"](https://aqlex.ai/kg/doc/111598)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/152#diff=1018517..1018518>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/152/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-140/edition/1018515/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/152/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Китепкана иши жөнүндө, 18-берене (18.07.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/152/st-18

---

Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы Кыргыз Республикасынын бардык элдеринин, Ата Мекендик жана дүйнөлүк маданияттын, илимдин, билим берүүнүн өнүгүүсүнүн кызыкчылыгында коомдун ар тараптуу маалыматка болгон кызыгууларын канааттандырат, китепкананын библиографиялык жана илимий-маалымат ишмердүүлүгүн уюштурат. Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы төмөнкүдөй негизги кызматтарды аткарат: китепкананы пайдалануучуларга Ата Мекендик документтердин кыйла толук жыйынтыктарын, чет элдик илимий маанидеги документтерди топтойт, сактайт жана сунуш кылат; республиканын аймагында жана анын чегинен сырткары басылган Кыргыз Республикасы жөнүндө бардык документтердин таржымал эсептерин уюштурат жана алып берет; улуттук басылмаларды библографиялык эсепке алууга катышат, китепкана таануу, библиография таануу жана китеп таануу боюнча мамлекеттик маанидеги усулдук, илимий-маалыматтык жана маданий борбор, илим изилдөө мекеме болуп эсептелет, китепкана иши жагынан мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга катышат. Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы ушул мыйзамдын негизинде жана Кыргыз Өкмөтү бекиткен ал жөнүндөгү Жобого ылайык иш жүргүзөт. Кыргыз Республикасынын улуттук китепканасы тарыхый-маданий мурастын өзгөчө баалуу объектине кирет жана түздөн-түз мамлекеттин менчиги болуп эсептелет. Улуттук китепкананын менчик формасын өзгөртүүгө, аны жоюуга жана башкача түрдө өзгөртүүгө жол берилбейт, анын фондуларынын бүтүндүгү жана тартылып алынбастыгы кепилденет. Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын имараты, курулмасы жана башка мүлктөрү анын түздөн-түз башкаруусунда, ал ээлеп турган жер участогу анын мөөнөтсүз жана кайтаруусуз пайдалануусунда болот. Өзгөчө баалуу жана сейрек документтерди, басылмаларды жана коллекцияларды камтыган Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын фонду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тарыхый-маданий мурастын объектиси болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын базасында фонддордун сакталышын камсыз кылуу жана коомдук пайдалануу үчүн Улуттук электрондук китепкана түзүлөт. (КР 2017-жылдын 25-майындагы № 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/152/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/152/st-19)
