Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
18-берене. Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы
Күчүндө · 18.07.2020 редакциясы · V бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 мая 2017 года № 90
Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы Кыргыз Республикасынын бардык элдеринин, Ата Мекендик жана дүйнөлүк маданияттын, илимдин, билим берүүнүн өнүгүүсүнүн кызыкчылыгында коомдун ар тараптуу маалыматка болгон кызыгууларын канааттандырат, китепкананын библиографиялык жана илимий-маалымат ишмердүүлүгүн уюштурат. Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы төмөнкүдөй негизги кызматтарды аткарат: китепкананы пайдалануучуларга Ата Мекендик документтердин кыйла толук жыйынтыктарын, чет элдик илимий маанидеги документтерди топтойт, сактайт жана сунуш кылат; республиканын аймагында жана анын чегинен сырткары басылган Кыргыз Республикасы жөнүндө бардык документтердин таржымал эсептерин уюштурат жана алып берет; улуттук басылмаларды библографиялык эсепке алууга катышат, китепкана таануу, библиография таануу жана китеп таануу боюнча мамлекеттик маанидеги усулдук, илимий-маалыматтык жана маданий борбор, илим изилдөө мекеме болуп эсептелет, китепкана иши жагынан мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга катышат. Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы ушул мыйзамдын негизинде жана Кыргыз Өкмөтү бекиткен ал жөнүндөгү Жобого ылайык иш жүргүзөт. Кыргыз Республикасынын улуттук китепканасы тарыхый-маданий мурастын өзгөчө баалуу объектине кирет жана түздөн-түз мамлекеттин менчиги болуп эсептелет. Улуттук китепкананын менчик формасын өзгөртүүгө, аны жоюуга жана башкача түрдө өзгөртүүгө жол берилбейт, анын фондуларынын бүтүндүгү жана тартылып алынбастыгы кепилденет. Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын имараты, курулмасы жана башка мүлктөрү анын түздөн-түз башкаруусунда, ал ээлеп турган жер участогу анын мөөнөтсүз жана кайтаруусуз пайдалануусунда болот. Өзгөчө баалуу жана сейрек документтерди, басылмаларды жана коллекцияларды камтыган Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын фонду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тарыхый-маданий мурастын объектиси болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын базасында фонддордун сакталышын камсыз кылуу жана коомдук пайдалануу үчүн Улуттук электрондук китепкана түзүлөт. (КР 2017-жылдын 25-майындагы № 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 18.07.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 25 мая 2017 года № 90 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О библиотечном деле"Редакцияларды салыштыруу
25.05.2017 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
алынып салынды: Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы
Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы Кыргыз Республикасынын бардык элдеринин, Ата Мекендик жана дүйнөлүк маданияттын, илимдин, билим берүүнүн өнүгүүсүнүн кызыкчылыгында коомдун ар тараптуу маалыматка болгон кызыгууларын канааттандырат, китепкананын библиографиялык жана илимий-маалымат ишмердүүлүгүн уюштурат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы төмөнкүдөй негизги кызматтарды аткарат: китепкананы пайдалануучуларга Ата Мекендик документтердин кыйла толук жыйынтыктарын, чет элдик илимий маанидеги документтерди топтойт, сактайт жана сунуш кылат; республиканын аймагында жана анын чегинен сырткары басылган Кыргыз Республикасы жөнүндө бардык документтердин таржымал эсептерин уюштурат жана алып берет; улуттук басылмаларды библографиялык эсепке алууга катышат, китепкана таануу, библиография таануу жана китеп таануу боюнча мамлекеттик маанидеги усулдук, илимий-маалыматтык жана маданий борбор, илим изилдөө мекеме болуп эсептелет, китепкана иши жагынан мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга катышат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы ушул мыйзамдын негизинде жана Кыргыз Өкмөтү бекиткен ал жөнүндөгү Жобого ылайык иш жүргүзөт.
Кыргыз Республикасынын улуттук китепканасы тарыхый-маданий мурастын өзгөчө баалуу объектине кирет жана түздөн-түз мамлекеттин менчиги болуп эсептелет. Улуттук китепкананын менчик формасын өзгөртүүгө, аны жоюуга жана башкача түрдө өзгөртүүгө жол берилбейт, анын фондуларынын бүтүндүгү жана тартылып алынбастыгы кепилденет.
Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын имараты, курулмасы жана башка мүлктөрү анын түздөн-түз башкаруусунда, ал ээлеп турган жер участогу анын мөөнөтсүз жана кайтаруусуз пайдалануусунда болот.
VI бөлүм
Китепканалар өз ара аракеттенишкен уюм
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/152/st-18" title="18-берене - Китепкана иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>