# 14-берене. Китепкана иши тармагындагы мамлекеттик саясат

- Документ: [Китепкана иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/152)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 16-ноябрындагы № 145 "Китепкана иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 145
- Кабыл алынган күнү: 16.11.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2020
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 мая 2017 года № 90 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О библиотечном деле"](https://aqlex.ai/kg/doc/111598)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/152#diff=1018517..1018518>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/152/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-140/edition/1018515/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/152/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Китепкана иши жөнүндө, 14-берене (18.07.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/152/st-14

---

Китепкана тармагындагы мамлекеттик саясаттын негизинде - китепканаларды пайдаланууда чогултулган жана сунушталган жалпы көпчүлүккө таандык маалыматтар жана маданий баалуулуктар үчүн шарт түзүү принциби жатат. Мамлекет ушул мыйзамда каралган укуктарга кепил болуп чыга алат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо китепканалардын кесиптик ишмердүүлүктөрүнө кийлигишпейт. Мамлекет тийиштүү салык, кредит жана баа саясатын жүргүзүү аркылуу каржылоо жолу менен китепкана ишинин өнүгүүсүнө колдоо көрсөтөт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте китепкана ишин өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларын, ошондой эле Кыргыз Республикасында маданиятты сактап калуунун жана өнүктүрүүнүн тутумдук бөлүгү болуп эсептелген программаларды иштеп чыгат. Аткаруу бийлигинин органдары китепкана тейлөөсү боюнча региондор аралык жана ведомстволор аралык байланышты, анын ичинде коомду маалымат менен камсыз кылуу багытындагы иштерди жөнгө салууну уюштурат. Мамлекет калктын социалдык жана экономикалык жактан коргоого алынган кемкарч катмарларын жана топторун (балдарды, уландарды, майыптарды, пенсионерлерди, качкындарды, жумушсуздарды, айыл жеринде жашоочуларды, бийик тоолуу жана аларга теңдеш аймактарда жашагандарды) китепканалык тейлөөнү өнүктүрүүнү колдойт. Мамлекеттик бийлик органдары калкты тейлөөнү акысыз уюштурган мамлекеттик эмес менчик формаларындагы китепканаларды материалдык жактан колдой алат. Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары китепкана ишинде заманбап маалыматтык жана телекоммуникациялык инфратүзүмдү камсыз кылат жана бардык деңгээлдеги китепканаларда телекоммуникациялык технологиялардын жогорку деңгээлин камсыз кылуу үчүн аларга тең мүмкүнчүлүктөрдү беришет. (КР 2017-жылдын 25-майындагы № 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/152/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/152/st-15)
