# 13-берене. Китепканалардын укуктары

- Документ: [Китепкана иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/152)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 16-ноябрындагы № 145 "Китепкана иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 145
- Кабыл алынган күнү: 16.11.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/152/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-140/edition/1018515/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/152/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Китепкана иши жөнүндө, 13-берене (18.07.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/152/st-13

---

Китепканалар: өздөрүнүн уставдарында белгиленген максаттарга жана милдеттерге ылайык өз ишмердүүлүктөрүнүн мазмунун жана айкын формаларын өз алдынча аныктоого; түзүүчүлөр менен макулдашуулар боюнча китепканалардан пайдалануу эрежелерин бекитүүгө; сейрек жана баалуу басылмаларды берүүдө, ошондой эле китепканалардан пайдалануулардын эрежелерине ылайык башка учурларда күрөөлөрдүн суммасын аныктоого; китепканалардан пайдалануучулар келтирген зыяндарды компенсациялоонун түрлөрүн жана өлчөмдөрүн китепканалардан пайдалануу эрежелерине ылайык аныктоого; китепканалардын кызмат көрсөтүүлөрүн жана социалдык экономикалык өнүгүү шарттарында, өздөрүнүн негизги ишмердүүлүктөрүнө зыян келтирбегендей абалда китепканалардан пайдалануучуларга сунуш кылуучу тизмелерди кеңейтүү максатында чарбалык ишмердүүлүктү жүзөгө ашырууга; юридикалык жана жеке жактар менен келишимдердин негизинде китепканалык фонддордон пайдалануу шарттарын аныктоого; колдонуудагы мыйзамда белгиленген тартипте китепкана бирикмелерин түзүүгө; китепкана ишинин өнүгүүсүнүн мамлекеттик жана региондук программаларын жүзөгө ашырууга конкурстук же башка негиздерде катышууга; чет өлкөлөрдүн китепканалары жана башка мекемелери же уюмдары менен белгиленген тартипте кызматташууну жүзөгө ашырууга, анын ичинде эл аралык китеп алмашууларды жүргүзүүгө, белгиленген тартипте эл аралык уюмдарга кирүүгө, эл аралык китепканалык жана башка программаларды ишке ашырууга катышууга; өздөрүнүн фонддорун комплектөөнүн булактарын өз алдынча аныктоого; өздөрүнүн фонддорунан колдонуудагы ченемдик укук актыларына ылайык, китепканалардын түзүүчүлөрү менен макулдашылган тартипке ылайык документтерден башка документтерди алып коюуга жана сатып өткөрүүгө укуктуу. Ошол эле учурда китепканалар өздөрүнүн уюштуруу-укуктук формаларына жана менчик түрлөрүнө карабастан, тарыхый-маданий мурас объектилерине кирген, сактоо жана пайдалануу эрежелери колдонуудагы мыйзамга ылайык аныкталган документтерди көчүрүп жазып алууга жана сатып өткөрүүгө; колдонуудагы мыйзамдарга каршы келбеген башка иш-аракеттерди жүргүзүүгө укуктуу. Китепканалар мамлекеттик программалар боюнча чыгарылган документтерди мамлекеттик программалар боюнча басып чыгарылган китептерди алууга артыкчылык укуктарына жана жоюлган китепканалардын документтерин биринчи кезекте алуу укуктарына ээ.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/152/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/152/st-14)
