# 12-берене. Китепканалардын милдеттери

- Документ: [Китепкана иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/152)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 16-ноябрындагы № 145 "Китепкана иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 145
- Кабыл алынган күнү: 16.11.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2020
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 июля 2019 года № 83 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере официальной статистики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111930)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/152#diff=1018518..1018519>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/152/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-140/edition/1018515/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/152/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Китепкана иши жөнүндө, 12-берене (18.07.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/152/st-12

---

Өздөрүнүн ишмердигинде китепканалар ушул мыйзамда белгиленген граждандардын укуктарын жүзөгө ашырат. Китепканалар китепканадан пайдалануучуларды өздөрүнүн уставдарына, китепканалардан пайдалануу эрежелерине жана колдонуудагы мыйзамга ылайык тейлейт. Китепкана фондуларына эркин кирүүгө, ошондой эле окурмандардын суроо-талаптары, китепканалардан пайдалануучулар жөнүндө маалыматтарды пайдалануу, бул маалыматтар илимий максаттар үчүн жана китепканалык тейлөөнү уюштуруу үчүн пайдаланылгандан башка учурларда китепканадан пайдалануучулардын укугун чектеген мамлекеттик же башка ар кандай цензурага жол берилбейт. Толук же жарым жартылай бюджеттик каржылоодо турган китепканалар өздөрүнүн иш-аракеттеринде коомдо татаалдашып бара жаткан идеологиялык жана саясий көп түрдүүлүктү чагылдырышат. Өздөрүнүн фонддорунда тарыхый-маданий мурас объектилерине таандык өзгөчө маанилүү басылмалары жана коллекциялары бар китепканалар алардын тарыхый-маданий мурастардын бөлүктөрү катары каттоодон өтүүсүн, алардын жыйымдык каталогдорунун өз учурунда эсепке алынуусу үчүн жоопкерчилик тартышат жана алардын сакталышын, ошондой эле алардын маданияттын мамлекеттик сактоо жана өнүгүү программаларынын чегиндеги автоматташтырылган маалымат базаларына киргизилишин камсыз кылат. Китепканалар колдонуудагы мыйзамда жана китепканаларды түзүү документтеринде каралгандай өздөрүнүн түзүүчүлөрүнүн жана расмий статистика жаатындагы мамлекеттик органдын алдында отчет берүүгө милдеттүү. (КР 2019-жылдын 8-июлундагы № 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/152/st-10)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/152/st-13)
