12-берене. Китепканалардын милдеттери
Күчүндө · 18.07.2020 редакциясы · III бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 8 июля 2019 года № 83
Өздөрүнүн ишмердигинде китепканалар ушул мыйзамда белгиленген граждандардын укуктарын жүзөгө ашырат. Китепканалар китепканадан пайдалануучуларды өздөрүнүн уставдарына, китепканалардан пайдалануу эрежелерине жана колдонуудагы мыйзамга ылайык тейлейт. Китепкана фондуларына эркин кирүүгө, ошондой эле окурмандардын суроо-талаптары, китепканалардан пайдалануучулар жөнүндө маалыматтарды пайдалануу, бул маалыматтар илимий максаттар үчүн жана китепканалык тейлөөнү уюштуруу үчүн пайдаланылгандан башка учурларда китепканадан пайдалануучулардын укугун чектеген мамлекеттик же башка ар кандай цензурага жол берилбейт. Толук же жарым жартылай бюджеттик каржылоодо турган китепканалар өздөрүнүн иш-аракеттеринде коомдо татаалдашып бара жаткан идеологиялык жана саясий көп түрдүүлүктү чагылдырышат. Өздөрүнүн фонддорунда тарыхый-маданий мурас объектилерине таандык өзгөчө маанилүү басылмалары жана коллекциялары бар китепканалар алардын тарыхый-маданий мурастардын бөлүктөрү катары каттоодон өтүүсүн, алардын жыйымдык каталогдорунун өз учурунда эсепке алынуусу үчүн жоопкерчилик тартышат жана алардын сакталышын, ошондой эле алардын маданияттын мамлекеттик сактоо жана өнүгүү программаларынын чегиндеги автоматташтырылган маалымат базаларына киргизилишин камсыз кылат. Китепканалар колдонуудагы мыйзамда жана китепканаларды түзүү документтеринде каралгандай өздөрүнүн түзүүчүлөрүнүн жана расмий статистика жаатындагы мамлекеттик органдын алдында отчет берүүгө милдеттүү. (КР 2019-жылдын 8-июлундагы № 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 18.07.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/152/st-12" title="12-берене - Китепкана иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>