# 11-берене. Негизги түшүнүктөр

- Документ: [Китепкана иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/152)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 16-ноябрындагы № 145 "Китепкана иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 145
- Кабыл алынган күнү: 16.11.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2020
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 мая 2017 года № 90 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О библиотечном деле"](https://aqlex.ai/kg/doc/111598)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/152#diff=1018517..1018518>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/152/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-140/edition/1018515/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/152/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Китепкана иши жөнүндө, 11-берене (18.07.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/152/st-11

---

Ушул Мыйзамда төмөнкү түшүнүктөр колдонулат: китепкана - басма жана кол жазма документтердин, графикалык, аудиовизуалдык материалдардын, электрондук алып жүрүүчүлөрдөгү документтердин уюштурулган фондусу бар жана аны жеке жана юридикалык жактарга убактылуу пайдаланууга берүүчү мекеме; китепкана фонду - калкты китепканалык тейлөө максатында эсепке алууга, комплектөөгө, сактоого жана пайдаланууга тийиш болгон, уюштуруучулук жана функционалдык жактан өз ара байланышкан, ар кандай багыттагы жана статустагы документтердин тартипке келтирилген жыйындысы; китепкана иши - милдеттерине китепкана тармактарын түзүү жана өнүктүрүү, алардын фонддорун түзүү жана иштетүү, китепканалардын пайдалануучуларын китепканалык, маалыматтык жана маалымдама-библиографиялык тейлөөнү уюштуруу, китепканаларды өнүктүрүүнү илимий жана методикалык камсыз кылуу кирген маалыматтык, маданий-агартуучулук жана билим берүү иштеринин тармагы; документ - сактоо жана коомдук пайдалануу максатында текст, үн жазуу же сүрөттөө түрүндө маалымат түшүрүлгөн, убакыт жана мейкиндикте берүүгө багытталган материалдык объект; китеп эстеликтери - өтө жогорку рухий, материалдык баалуулуктагы, аларга карата эсепке алуунун, сактоонун жана колдонуунун өзгөчө режими белгиленген тарыхый, илимий, маданий өзгөчө маанидеги кол жазма китептер же басылмалар; жалпыга жеткиликтүү китепкана - жашына, жынысына, улутуна, тилине, билимине, тегине, мүлктүк жана кызматтык абалына, динге болгон мамилесине, ишенимине, коомдук бирикмелерге таандыктуулугуна карабастан жеке жактарга, ошондой эле уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин формасына карабастан юридикалык жактарга анын кызмат көрсөтүүлөрүнөн, өздүк жана башка маалыматтык ресурстарын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүүчү китепкана; китепканадан пайдалануучу - китепкана кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануучу жеке же юридикалык жак; адистештирилген китепкана - ар кандай алып жүрүүчүлөргө Брайл шрифтиси жана чоңойтулган шрифт менен алынган документтерден, ошондой эле электрондук документтерден турган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды тейлеген китепкана; электрондук китепкана - электрондук документтердин ар түрдүү коллекцияларынын сакталышын жана натыйжалуу колдонулушун камсыз кылуучу, системанын өзүндө жайгашкан жана телекоммуникациялык тармактар аркылуу жеткиликтүү болгон маалыматтык система; электрондук документ - маалымат электрондук-санариптик формада берилген документ. (КР 2017-жылдын 25-майындагы № 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/152/st-1)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/152/st-2)
