Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
11-берене. Негизги түшүнүктөр
Күчүндө · 18.07.2020 редакциясы · I бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 мая 2017 года № 90
Ушул Мыйзамда төмөнкү түшүнүктөр колдонулат: китепкана - басма жана кол жазма документтердин, графикалык, аудиовизуалдык материалдардын, электрондук алып жүрүүчүлөрдөгү документтердин уюштурулган фондусу бар жана аны жеке жана юридикалык жактарга убактылуу пайдаланууга берүүчү мекеме; китепкана фонду - калкты китепканалык тейлөө максатында эсепке алууга, комплектөөгө, сактоого жана пайдаланууга тийиш болгон, уюштуруучулук жана функционалдык жактан өз ара байланышкан, ар кандай багыттагы жана статустагы документтердин тартипке келтирилген жыйындысы; китепкана иши - милдеттерине китепкана тармактарын түзүү жана өнүктүрүү, алардын фонддорун түзүү жана иштетүү, китепканалардын пайдалануучуларын китепканалык, маалыматтык жана маалымдама-библиографиялык тейлөөнү уюштуруу, китепканаларды өнүктүрүүнү илимий жана методикалык камсыз кылуу кирген маалыматтык, маданий-агартуучулук жана билим берүү иштеринин тармагы; документ - сактоо жана коомдук пайдалануу максатында текст, үн жазуу же сүрөттөө түрүндө маалымат түшүрүлгөн, убакыт жана мейкиндикте берүүгө багытталган материалдык объект; китеп эстеликтери - өтө жогорку рухий, материалдык баалуулуктагы, аларга карата эсепке алуунун, сактоонун жана колдонуунун өзгөчө режими белгиленген тарыхый, илимий, маданий өзгөчө маанидеги кол жазма китептер же басылмалар; жалпыга жеткиликтүү китепкана - жашына, жынысына, улутуна, тилине, билимине, тегине, мүлктүк жана кызматтык абалына, динге болгон мамилесине, ишенимине, коомдук бирикмелерге таандыктуулугуна карабастан жеке жактарга, ошондой эле уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин формасына карабастан юридикалык жактарга анын кызмат көрсөтүүлөрүнөн, өздүк жана башка маалыматтык ресурстарын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүүчү китепкана; китепканадан пайдалануучу - китепкана кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануучу жеке же юридикалык жак; адистештирилген китепкана - ар кандай алып жүрүүчүлөргө Брайл шрифтиси жана чоңойтулган шрифт менен алынган документтерден, ошондой эле электрондук документтерден турган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды тейлеген китепкана; электрондук китепкана - электрондук документтердин ар түрдүү коллекцияларынын сакталышын жана натыйжалуу колдонулушун камсыз кылуучу, системанын өзүндө жайгашкан жана телекоммуникациялык тармактар аркылуу жеткиликтүү болгон маалыматтык система; электрондук документ - маалымат электрондук-санариптик формада берилген документ. (КР 2017-жылдын 25-майындагы № 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 18.07.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 25 мая 2017 года № 90 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О библиотечном деле"Редакцияларды салыштыруу
25.05.2017 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
алынып салынды: Китепканалардын статусу
Мамлекеттик жана областтык, шаардык, райондук китепканалар, мамлекеттик жана борборлоштурулган китепкана тармактары колдонуудагы мыйзамда белгиленген тартипте каттоодон өткөн учурдан тартып юридикалык жактын статусун алат. Башка китепканалардын статусу алардын ээлери тарабынан аныкталат.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/152/st-11" title="11-берене - Китепкана иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>