# 8-статья. Эсептөө палатасынын ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1516)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 13-августундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 13.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.05.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 31 мая 2023 года № 114 "О Счетной палате Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112596)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 августа 2020 года № 124 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О Счетной палате Кыргызской Республики", Бюджетный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112101)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 12.08.2020 [Закон КР от 12 августа 2020 года № 124 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О Счетной палате Кыргызской Республики", Бюджетный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112101); 16.12.2016 [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487); 15.10.2008 [Закон КР от 15 октября 2008 года № 213 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Счетной палате Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202428)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1516#diff=1256850..1256851>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1450/edition/1256839/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1516/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө, 8-статья (31.05.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-8

---

1. Эсептөө палатасы төмөнкүлөргө укуктуу:

1) белгиленген статистикалык, финансылык жана бухгалтердик отчеттуулукка алдынала изилдөөлөрдү жүргүзүүгө;

2) ушул Мыйзамдын 7-статьясында көрсөтүлгөн багыттар боюнча аудит жүргүзүүгө жана жыйынтыктары боюнча аудит жөнүндө отчет жана башка отчетторду берүүгө;

3) аудит объектисинин ишине тиешелүү корутундуларды берүүгө;

4) ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, аудит объекттерине милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон жазма буйрук берүүгө;

5) Кыргыз Республикасындагы бардык мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан, менчигинин түрүнө карабастан мекемелерден жана уюмдардан Эсептөө палатасынын ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон суралуучу маалыматтарды белгиленген мыйзамдын чектеринде алууга. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана башка кредиттик-финансылык мекемелер Эсептөө палатасынын суроо-талабы боюнча жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипке ылайык эгерде алар республикалык же жергиликтүү бюджеттерден каражат алышса, которушса, пайдаланышса же мамлекеттик менчикти пайдаланышса, же болбосо аны башкарышса ошондой эле улуттук мыйзамдар же мамлекеттик бийлик органдары тарабынан берилген салыктык, бажылык жана башка жеңилдиктерге жана артыкчылыктарга ээ болушса операцияларга жана аудит жүргүзүлүүчү объекттердин эсептеринин абалына зарыл болгон документтик ырастоону берүүгө тийиш;

6) акчанын өз учурунда келип түшүүлөрүнө, мыйзамдуу бекитилген көрсөткүчтөр менен салыштырганда республикалык бюджетти аткаруу процессинде бюджеттик ассигнованиелерди иш жүзүндө чыгымдоого ыкчам контролду ишке ашырууга, четтеп кетүүлөрдү жана тартип бузууларды аныктоого, аларга талдоо жүргүзүүгө, аларды четтетүү боюнча сунуштарды киргизүүгө.

2. Эсептөө палатасынын төмөнкүлөргө укугу жок:

1) аудит объекттеринин саясый максаттарын илгерилетүүгө;

2) (КР 2020-жылдын 12-августундагы № 124 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2008-жылдын 15-октябрындагы № 213, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2020-жылдын 12-августундагы № 124 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) II Глава Эсептөө палатасынын ишин уюштуруу жана пландаштыруу

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-9)
