# 7-статья. Эсептөө палатасынын ишинин негизги түрлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1516)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 13-августундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 13.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.05.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 31 мая 2023 года № 114 "О Счетной палате Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112596)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 августа 2020 года № 124 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О Счетной палате Кыргызской Республики", Бюджетный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112101)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 12.08.2020 [Закон КР от 12 августа 2020 года № 124 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О Счетной палате Кыргызской Республики", Бюджетный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112101); 15.10.2008 [Закон КР от 15 октября 2008 года № 213 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Счетной палате Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202428)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1516#diff=1256850..1256851>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1450/edition/1256839/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1516/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө, 7-статья (31.05.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-7

---

Эсептөө палатасынын ишинин негизги түрлөрү төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) жергиликтүү жана республикалык бюджетти аткарууга, мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткарууда салык жана бажы кызматтарынын ишине аудит;

2) мамлекеттик жана муниципалдык менчикти пайдаланууга аудит;

3) мамлекеттик жана/же муниципалдык менчикке катышууда чоң үлүшү бар мекемелердин жана уюмдардын ишине аудит;

4) бюджеттик эмес каражаттарды пайдаланууга аудит;

5) каражаттарды республикалык же жергиликтүү бюджеттерден алган жеке менчик же менчиктин башка түрүндөгү мекемелердин жана уюмдардын, аталган каражаттарга карата гана, ишине аудит;

6) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ички жана тышкы карызынын абалына жана аны тескөөгө аудит;

7) мамлекеттик бийлик органдарынын жана башка уюмдардын суроо-талаптарына корутундуларды, жоопторду берүү үчүн аудит;

8) (КР 2020-жылдын 12-августундагы № 124 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

9) республикалык бюджеттин, мыйзамдардын жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун, Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдерин жана макулдашууларын, Кыргыз Республикасынын республикалык жана жергиликтүү өзалдынча башкаруунун бюджеттеринин маселесин козгогон мамлекеттик программаларды жана башка документтерди талдоо жана аларга корутунду берүүнү;

10) бюджеттик мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды жана сунуштоолорду даярдоо жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүүнү;

11) республикалык, жергиликтүү жана бюджеттен тышкаркы фонддордун бюджеттерин аткаруу боюнча отчетторду даярдоо жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүүнү ошондой эле тийиштүү маалыматтарды жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына жиберүүнү;

12) республикалык бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана өткөрүлгөн иш-чаралардын натыйжалары жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берүүнү;

13) мамлекеттик бийлик органдарынын жана башка уюмдардын кайрылууларына консультацияларды жана сунуштоолорду берүү, ошондой эле ушул Мыйзамдан келип чыккан башка иштерди жүзөгө ашырууну.

14) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эсептерин тейлөө боюнча операцияларды жүзөгө ашырууга, республикалык бюджетке чегерилүүчү пайданы эсептөөнүн тууралыгы бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына аудит;

15) коммерциялык банктар жана башка финансы-кредиттик мекемелер тарабынан республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди тейлөө бөлүгүндө аларга аудит;

16) өткөрүлгөн аудиттердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунуштарды киргизүү.

(КР 2008-жылдын 15-октябрындагы № 213, 2020-жылдын 12-августундагы № 124 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-8)
