7-статья. Эсептөө палатасынын ишинин негизги түрлөрү
Күчүн жоготкон · 31.05.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 31 мая 2023 года № 114.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 12 августа 2020 года № 124
Эсептөө палатасынын ишинин негизги түрлөрү төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) жергиликтүү жана республикалык бюджетти аткарууга, мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткарууда салык жана бажы кызматтарынын ишине аудит;
2) мамлекеттик жана муниципалдык менчикти пайдаланууга аудит;
3) мамлекеттик жана/же муниципалдык менчикке катышууда чоң үлүшү бар мекемелердин жана уюмдардын ишине аудит;
4) бюджеттик эмес каражаттарды пайдаланууга аудит;
5) каражаттарды республикалык же жергиликтүү бюджеттерден алган жеке менчик же менчиктин башка түрүндөгү мекемелердин жана уюмдардын, аталган каражаттарга карата гана, ишине аудит;
6) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ички жана тышкы карызынын абалына жана аны тескөөгө аудит;
7) мамлекеттик бийлик органдарынын жана башка уюмдардын суроо-талаптарына корутундуларды, жоопторду берүү үчүн аудит;
8) (КР 2020-жылдын 12-августундагы № 124 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
9) республикалык бюджеттин, мыйзамдардын жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун, Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдерин жана макулдашууларын, Кыргыз Республикасынын республикалык жана жергиликтүү өзалдынча башкаруунун бюджеттеринин маселесин козгогон мамлекеттик программаларды жана башка документтерди талдоо жана аларга корутунду берүүнү;
10) бюджеттик мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды жана сунуштоолорду даярдоо жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүүнү;
11) республикалык, жергиликтүү жана бюджеттен тышкаркы фонддордун бюджеттерин аткаруу боюнча отчетторду даярдоо жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүүнү ошондой эле тийиштүү маалыматтарды жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына жиберүүнү;
12) республикалык бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана өткөрүлгөн иш-чаралардын натыйжалары жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берүүнү;
13) мамлекеттик бийлик органдарынын жана башка уюмдардын кайрылууларына консультацияларды жана сунуштоолорду берүү, ошондой эле ушул Мыйзамдан келип чыккан башка иштерди жүзөгө ашырууну.
14) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эсептерин тейлөө боюнча операцияларды жүзөгө ашырууга, республикалык бюджетке чегерилүүчү пайданы эсептөөнүн тууралыгы бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына аудит;
15) коммерциялык банктар жана башка финансы-кредиттик мекемелер тарабынан республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди тейлөө бөлүгүндө аларга аудит;
16) өткөрүлгөн аудиттердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунуштарды киргизүү.
(КР 2008-жылдын 15-октябрындагы № 213, 2020-жылдын 12-августундагы № 124 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 31.05.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 12 августа 2020 года № 124 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О Счетной палате Кыргызской Республики", Бюджетный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 октября 2008 года № 213 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Счетной палате Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
12.08.2020 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…суроо-талаптарына корутундуларды, жоопторду берүү үчүн аудит;
8) алынып салынды: козголгон кылмыш иштери боюнча укук коргоо органдарынын суроо-талаптарына, ошондой эле соттордун жана Омбудсмендин (Акыйкатчынын) токтомдоруна корутундуларды, жоопторду берүү үчүн менчигинин түрүнө карабастан мекемелердин жана уюмдардын ишине аудит;
кошулду: (КР 2020-жылдын 12-августундагы № 124 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
9) республикалык бюджеттин, мыйзамдардын жана ченемдик укуктук … Кеңешине сунуштарды киргизүү.
(КР 2008-жылдын 15-октябрындагы № алынып салынды: 213 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 213, 2020-жылдын 12-августундагы № 124 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- "Отчет о результатах аудита составления и исполнения республиканского бюджета Кыргызской Республики за 2011 год" (утвержден постановлением Правительства КР от 15 апреля 2013 года…Постановление · 15.04.2013 · № 197
- Постановление Правительства КР от 6 мая 2013 года № 241 "Об итогах аудита Счетной палатой Кыргызской Республики отчета об исполнении республиканского бюджета Кыргызской…Постановление · 06.05.2013 · № 241 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1516/st-7" title="7-статья - Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>