# 67-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1516)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 13-августундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 13.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.05.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 31 мая 2023 года № 114 "О Счетной палате Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112596)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-67>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1450/edition/1256839/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1516/st-67.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө, 67-статья (31.05.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-67

---

1. Ушул Мыйзамдын 68-статьясында каралган жоболордон тышкары, ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2. Эгерде Кыргыз Республикасынын Конституциясында башкасы каралбаса, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары ушул Мыйзамга ылайык келтирилгенге чейин, анын ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген бөлүгү колдонулат.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айдын ичинде:

1) мыйзам актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү боюнча сунуштарды даярдасын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;

2) ушул Мыйзамды жүзөгө ашырууну камсыз кылган ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын.

4. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- 1996-жылдын 19-октябрындагы № 55 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- 1998-жылдын 29-декабрындагы № 159 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

---

Мурунку берене: [66-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-66)  
Кийинки берене: [68-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-68)
