62-статья. Жарыялоолор
Күчүн жоготкон · 31.05.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 31 мая 2023 года № 114.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 15 октября 2008 года № 213
Эгерде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан башкасы белгиленбесе, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берилген бардык отчеттор бир айдын ичинде жарыяланышы керек. Эгерде жарыялана турган маалымат аудит объектинин купуялыгын бузбаса, Эсептөө палатасы маалыматты коомчулук үчүн жарыялоого укугу бар. Бирок аудит объектинин кызмат адамы тарабынан кылмыш жасалгандыгын күбөлөндүрүп көрсөткөн учурлар болгондо, мындай маалымат купуялуулуктун негизинде жарыялоодон коргоно албайт. Эсептөө палатасы милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш болгон өзүнүн иши жөнүндө маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарына дайыма берип турат. Эсептөө палатасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык журналдарды жана башка басылмаларды атайын ушул максаттарга республикалык бюджеттен бөлүнүп берилген каражаттарга басып чыгарууга укугу бар. (КР 2008-жылдын 15-октябрындагы № 213 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
X Глава Каржылоо
Берененин тексти 31.05.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
62-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1516/st-62" title="62-статья - Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>