54-статья. Отчетторго киргизилүүгө тийиш болбогон маалымат
Күчүн жоготкон · 31.05.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 31 мая 2023 года № 114.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши үчүн Эсептөө палатасынын отчеттору коммерциялык сыры бар маалыматты же мамлекеттин таламдарына зыян келтириши мүмкүн болгон маалыматты камтууга тийиш эмес. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши мындай түрдөгү маалыматты киргизбөө жөнүндө чечимди көпчүлүк добуш менен четке кага алат. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши альтернатива катарында алар бул маалыматты билүүгө тийиш экендигин чече алат, бирок ошол эле учурда ал коомго жарыя кылынууга тийиш эмес. Эсептөө палатасы аудит объектинин кызмат адамдары ушул Мыйзамдын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын же Эсептөө палатасынын сунуштоолорун сактабаган учурда кызмат адамдарынын аты-жөнүн, аудит объекттеринин аталыштарын ачыкка чыгарууга укугу бар.
VIII Глава Эсептөө палатасынын көзкарандысыз аудитору
Берененин тексти 31.05.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
54-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1516/st-54" title="54-статья - Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>