# 51-статья. Аудиттин натыйжалуулугу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1516)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 13-августундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 13.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.05.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 31 мая 2023 года № 114 "О Счетной палате Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112596)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-51>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1450/edition/1256839/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1516/st-51.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө, 51-статья (31.05.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-51

---

Аудиттин натыйжалуулугунун максаты болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үнөм, натыйжалуулук, операциялык таасирдүүлүк же административдик ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши үчүн отчетту иликтөөнү жүргүзүү жана даярдоо, ошондой эле бюджеттик укукту өркүндөтүү боюнча сунуштарды берүү саналат. Отчеттун маалыматтары төмөнкүдөй маселелерди камтышы мүмкүн:

1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ага карата аудитордук артыкчылыкты аныктаган мамлекеттик сектордун административдик ишинин таандуулугун;

2) Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын олуттуу бузууну;

3) эсепти жүргүзүүнүн жалпы кабыл алынган тажрыйбасынан четтеген бухгалтердик жана башка жазууларды;

4) мамлекеттик (муниципалдык) каражаттарды же аудит объектинин каражаттарын туура эмес эсепке алууну;

5) эсепке алуучу жана башка жазуулардын жетишсиздигин же төмөнкүлөр үчүн жол-жоболордун жетишсиздигин:

а) мамлекеттик (муниципалдык) менчикти же аудит объектисинин менчигин коргоону;

б) акча каражаттарын жана төлөмдөрүн чогултууга жана жайгаштырууга аудиттин натыйжалуулугун камсыз кылууну;

в) бюджеттик ресурстарды талаптагыдай пайдаланууну;

г) операциялардын же программалардын натыйжалуулугу боюнча канааттандырарлык мониторингди, өлчөөнү жана отчеттуулукту камсыз кылууну;

д) отчет берүүнүн алгылыктуу стандарттарын сактоону камсыз кылууну.

6) аудит объектисинин бүтүмдөрүнүн же анын кандай кызмат адамы болбосун жүргүзгөн бүтүмдөрдүн ак ниеттүүлүгүнө жана тууралыгына тиешелүүлүгүн;

7) административдик процессти, тутумду же аудит объектисинин ички тажрыйбасын өзгөртүү боюнча сунуштарды;

8) мамлекеттик сектордун административдик иш-аракеттеринин үнөмүн, натыйжалуулугун жана таасирдүүлүгүн.

---

Мурунку берене: [50-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-50)  
Кийинки берене: [52-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-52)
