# 5-статья. Эсептөө палатасынын ыйгарым укуктары колдонулуучу чөйрөсү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1516)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 13-августундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 13.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.05.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 31 мая 2023 года № 114 "О Счетной палате Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112596)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 октября 2008 года № 213 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Счетной палате Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202428)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1516#diff=1256842..1256843>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1450/edition/1256839/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1516/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө, 5-статья (31.05.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-5

---

Эсептөө палатасынын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын аймагында гана колдонулат. Чет өлкөлөрдө иштеп жаткан мамлекеттик уюмдардын аудити жана аудиттин натыйжалуулугу гана өзгөчөлүктү түзөт. Эсептөө палатасы Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларынын, уюмдарынын жана мекемелеринин мамлекеттик аудитору болуп саналат. Эсептөө палатасынын ыйгарым укугу мамлекеттик жана/же муниципалдык катыштын чоң үлүшү бар менчиктин жеке жана башка түрүндөгү ишканаларга жана уюмдарга жайылтылат. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдүү комитетинин же Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшыруусу боюнча Эсептөө палатасы мамлекеттин катышуусунун үлүшү 10 пайыз жана андан ашыкты түзгөн ишканалардын жана уюмдардын натыйжалуулугунун аудитин жүргүзө алат. (КР 2008-жылдын 15-октябрындагы № 213 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-6)
