# 49-статья. Документтерге жеткиликтүүлүк

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1516)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 13-августундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 13.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.05.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 31 мая 2023 года № 114 "О Счетной палате Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112596)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-49>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1450/edition/1256839/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1516/st-49.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө, 49-статья (31.05.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-49

---

Документтердин ар кандай түрлөрү: кагаз, электрондук, микротасмадагы документтер жана башкалар аудитке алынышы мүмкүн. Зарылчылык болгон учурда Эсептөө палатасы аудит объектинин кызмат адамы виза койгон бардык документтердин көчүрмөсүн жасай алат, ошондой эле кызмат адамдарын, кызматкерлерди жана акционерлерди сурай алат. Кылмыш жагынан олуттуу шектенүүлөр болгон учурда Эсептөө палатасынын төрагасы, аппаратынын жетекчиси же аймактык бөлүмдүн жетекчиси документтердин түпнускаларын, файлдарды, анын ичинде компьютерлерди убактылуу алып коюуга тескеме бере алат. Мында алып коюлган маалыматтын, документтердин жана жабдуунун тизмеги, ошондой эле алып коюлган документтердин көчүрмөлөрү аудит объектине берилүүгө тийиш. Менчигинин түрү мамлекеттик эмес аудиттин объекттеринде файлдар, компьютерлерди кошкондо, аудит объектисинин кызмат адамынын макулдугу менен алынат, макулдашууга жетишпеген учурларда аудит жүргүзүү үчүн керектүү маалыматтарды камтыган файлдар, дискеттер жана жабдуулар сот чечим кабыл алганга чейин мөөр басуу менен бекитилет.

VII Глава Аудит жана аудиттин натыйжалуулугу

---

Мурунку берене: [48-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-48)  
Кийинки берене: [50-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-50)
