49-статья. Документтерге жеткиликтүүлүк
Күчүн жоготкон · 31.05.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 31 мая 2023 года № 114.
Документтердин ар кандай түрлөрү: кагаз, электрондук, микротасмадагы документтер жана башкалар аудитке алынышы мүмкүн. Зарылчылык болгон учурда Эсептөө палатасы аудит объектинин кызмат адамы виза койгон бардык документтердин көчүрмөсүн жасай алат, ошондой эле кызмат адамдарын, кызматкерлерди жана акционерлерди сурай алат. Кылмыш жагынан олуттуу шектенүүлөр болгон учурда Эсептөө палатасынын төрагасы, аппаратынын жетекчиси же аймактык бөлүмдүн жетекчиси документтердин түпнускаларын, файлдарды, анын ичинде компьютерлерди убактылуу алып коюуга тескеме бере алат. Мында алып коюлган маалыматтын, документтердин жана жабдуунун тизмеги, ошондой эле алып коюлган документтердин көчүрмөлөрү аудит объектине берилүүгө тийиш. Менчигинин түрү мамлекеттик эмес аудиттин объекттеринде файлдар, компьютерлерди кошкондо, аудит объектисинин кызмат адамынын макулдугу менен алынат, макулдашууга жетишпеген учурларда аудит жүргүзүү үчүн керектүү маалыматтарды камтыган файлдар, дискеттер жана жабдуулар сот чечим кабыл алганга чейин мөөр басуу менен бекитилет.
VII Глава Аудит жана аудиттин натыйжалуулугу
Берененин тексти 31.05.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
49-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1516/st-49" title="49-статья - Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>