# 43-статья. Эсептөө палатасынын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен өз ара мамилеси

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1516)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 13-августундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 13.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.05.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 31 мая 2023 года № 114 "О Счетной палате Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112596)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1516#diff=1256849..1256850>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-43>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1450/edition/1256839/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1516/st-43.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө, 43-статья (31.05.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-43

---

Эсептөө палатасы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын аудитинин натыйжалуулугун жүргүзөт, республикалык бюджетти тейлөө жана алтын-валюта резервдерин пайдалануу жагынан отчет даярдайт. Эсептөө палатасы төмөнкүлөргө укугу жок:

1) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон көрсөтмөлөрдү берүүгө;

2) коммерциялык банктарды жөнгө салуучу катары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ыйгарым укуктарын иликтөөгө;

3) коммерциялык банктар тууралу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында болгон купуя маалыматты суратууга;

4) пайыздык ставкаларды же акча саясатын аныктоо жагынан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ишин иликтөөгө.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын натыйжалуулугунун аудити анын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген иш-аракет максаттарын жана милдеттерин, көз карандысыздык статусун жана маалыматтардын купуялуулугун эсепке алуу менен, ошондой эле борбордук банктарга аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык жүргүзүлөт. (КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

V Глава Стандарттар жаатындагы эсептөө палатасынын иш милдеттери

---

Мурунку берене: [42-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-42)  
Кийинки берене: [44-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-44)
