# 32-статья. Мамлекеттик ички жана тышкы карыздын абалы жана кредиттик ресурстарды пайдалануу боюнча аудит жөнүндө отчеттор жана башка отчеттор

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1516)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 13-августундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 13.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.05.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 31 мая 2023 года № 114 "О Счетной палате Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112596)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1450/edition/1256839/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1516/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө, 32-статья (31.05.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-32

---

Эсептөө палатасы төмөнкүлөр үчүн аудитти жүзөгө ашырат:

1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ички жана тышкы карызын башкаруу жана тейлөө үчүн;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кепилдиги менен чарба жүргүзүүчү субъекттер алган чет өлкөлүк кредиттерди, заемдорду жана гуманитардык жардамды пайдалануунун мыйзамдуулугу, сарамжалдуу пайдаланылышы жана натыйжалуулугу үчүн;

3) кайра кайтарылуучу негизде бөлүнгөн борбордоштурулган финансы ресурстарды жайгаштыруунун натыйжалуулугу үчүн;

4) мамлекеттик кредиттердин берилишине, ошондой эле чет мамлекеттерге жана эларалык уюмдарга каражаттардын акысыз негизде берилиши үчүн.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжалары боюнча Эсептөө палатасы мамлекеттик ички жана тышкы карыздын абалы жана кредиттик ресурстарды пайдалануу боюнча аудит жөнүндө отчетту жана башка отчетторду даярдайт.

---

Мурунку берене: [31-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-31)  
Кийинки берене: [33-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-33)
