# 31-статья. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди аткаруу боюнча аудит жөнүндө отчеттор жана башка отчеттор

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1516)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 13-августундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 13.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.05.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 31 мая 2023 года № 114 "О Счетной палате Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112596)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1450/edition/1256839/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1516/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө, 31-статья (31.05.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-31

---

Эсептөө палатасы республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин аткарылышы боюнча аудитти жүзөгө ашырат. Эсептөө палатасы республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин аткарылуу процессинде акча каражаттарынын толук жана өз учурунда түшүп тургандыгын, республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин бекитилген көрсөткүчтөрү менен салыштырганда бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын иш жүзүндөгү чыгымдалышын изилдейт жана талдайт, алардын талдоосун жүргүзөт, эреже бузууларды табат жана аларды жоюу боюнча сунуштарды киргизет. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжалары боюнча Эсептөө палатасы республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин аткарылышы боюнча аудит жөнүндө отчетторду жана башка отчетторду даярдайт.

---

Мурунку берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-30)  
Кийинки берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-32)
