# 28-статья. Этикалык кодекси

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1516)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 13-августундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 13.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.05.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 31 мая 2023 года № 114 "О Счетной палате Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112596)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 октября 2008 года № 213 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Счетной палате Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202428)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1516#diff=1256842..1256843>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1450/edition/1256839/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1516/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө, 28-статья (31.05.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-28

---

(Статьянын аталышы КР 2008-жылдын 15-октябрындагы № 213 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Эсептөө палатасынын төрагасы, аудиторлору жана кызматкерлери этикалык кодексин сактоого милдеттүү, ал кызматтык ыйгарым укуктарын жана иш милдеттерин жүзөгө ашырып жаткандагы жүрүш-туруш эрежелерин жана ченемдерин жөнгө салат. Эсептөө палатасынын төрагасы, аудиторлору кызматка дайындалгандан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышында ант беришет: "Мен,..... Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы (аудитору) кызматына киришүү менен Кыргыз Республикасына ак ниет иштөөгө, Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоого, өз милдетимди мамлекеттин жана кыргыз элинин кызыкчылыгында ак-ниет, так жана кесипкөйлүк менен аткарууга ант беремин. Эгерде ушул берген антымды бузсам Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын алдында жоопкерчилик тартам.". Эсептөө палатасынын кызматкерлери Эсептөө палатасынын Кеңешинде ант беришет. Эсептөө палатасынын төрагасынын, аудиторлорунун жана кызматкерлеринин этикалык кодексинин эрежелерин аткарбай коюшу, ушул Мыйзамда белгиленген учурларда жана тартипте жоопкерчиликке кириптер кылат. (КР 2008-жылдын 15-октябрындагы № 213 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-27)  
Кийинки берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-29)
