# 27-статья. Эсептөө палатасынын көзкарандысыздыгынын кепилдиктери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1516)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 13-августундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 13.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.05.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 31 мая 2023 года № 114 "О Счетной палате Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112596)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1450/edition/1256839/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1516/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө, 27-статья (31.05.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-27

---

Эсептөө палатасынын көзкарандысыздыгы төмөнкүдөй камсыз кылынат:

1) өз ишин Эсептөө палатасы жөнүндө мыйзамдарда каралган эрежелер боюнча жүзөгө ашыргандыгы менен;

2) Эсептөө палатасынын кызмат адамдарына жана кызматкерлерине кандай гана формада болбосун, ким тараптан болбосун жоопкерчилик коркунучу менен таасир этүүнүн жол берилбестиги. Эсептөө палатасынын ишине таасир этүүгө укукка сыйбаган түрдө аракет кылган адамдар Кыргыз Республикасынын колдонулуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартуусу менен;

3) өз ишин жүзөгө ашыруу үчүн талаптагыдай шарттардын түзүлүшү менен;

4) Эсептөө палатасынын төрагасынын жана Эсептөө палатасынын аудиторлорунун кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын токтото туруунун жана токтотуунун тартибин белгилөө менен;

5) Эсептөө палатасынын ишин өз убагында жана талаптагыдай каржылоо менен.

---

Мурунку берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-26)  
Кийинки берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-28)
