# 26-статья. Эсептөө палатасынын тышкы адистери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1516)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 13-августундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 13.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.05.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 31 мая 2023 года № 114 "О Счетной палате Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112596)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 февраля 2014 года № 30 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205252)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1516#diff=1256848..1256849>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1450/edition/1256839/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1516/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө, 26-статья (31.05.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-26

---

Эсептөө палатасы өз ишин жүзөгө ашырууда толук же жарым-жартылай аудит жүргүзүү үчүн мамлекеттик аудит жана контроль, экономика, финансы жана укук жаатында жана башка багыттарда 5 жылдан кем эмес кесиптик иш тажрыйбасы бар тышкы адистердин (Эсептөө палатасынын кызматкерлери эмес) кызматынан пайдалана алат. Тышкы адистер менен келишимди Эсептөө палатасынын төрагасы Эсептөө палатасынын атынан түзөт. Тышкы адистердин кызмат көрсөтүүсүнө акыны Эсептөө палатасы республикалык бюджеттен Эсептөө палатасын каржылоо үчүн каралган каражаттардын эсебинен төлөйт. Эсептөө палатасы өзүнүн кайсы болбосун ыйгарым укуктарын же иш милдеттерин тышкы адистерге аларга ишенип берилген иш милдеттерди аткаруу үчүн алардын жеке жоопкерчилигине өткөрүп берүүгө укуктуу. Тышкы адистер Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө Мыйзамды сактоого милдеттүү. Эсептөө палатасы менен тышкы адистердин биргелешип аракеттенүүсүнүн ички маселелери Эсептөө палатасы тарабынан жөнгө салынат. (КР 2014-жылдын 18-февралындагы № 30 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-25)  
Кийинки берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-27)
