# 22-статья. Эсептөө палатасынын аудиторунун милдеттери жана жоопкерчилиги

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1516)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 13-августундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 13.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.05.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 31 мая 2023 года № 114 "О Счетной палате Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112596)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 октября 2008 года № 213 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Счетной палате Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202428)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1516#diff=1256842..1256843>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1450/edition/1256839/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1516/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө, 22-статья (31.05.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-22

---

Аудитор өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда ушул Мыйзамдын ченемдерин, КР мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын сактоого милдеттүү. Эсептөө палатасынын аудитору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык төмөнкүлөр үчүн жекече жоопкерчилик тартат:

1) Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши тарабынан аныкталуучу Эсептөө палатасынын ишинин белгиленген багыттары үчүн;

2) аудиттин натыйжалары жана аудиттин натыйжалуулугунун аныктыгы үчүн;

3) мамлекеттик жана Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен корголуучу сырды ачыкка чыгаруу үчүн;

4) кызматтык милдеттерин аткарбай коюу үчүн;

5) бийликти кыянаттык менен пайдалануу жана кызматтык ыйгарым укуктарын ашырып жиберүү үчүн;

6) Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын бузуу үчүн;

7) этикалык кодексин аткарбай коюу үчүн.

Эсептөө палатасынын аудиторунун иш-аракетинде же аракетсиздигинде кылмыш белгилери аныкталган учурда, бул жөнүндө материалдар Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына жөнөтүлөт. Эсептөө палатасынын аудиторунун укукка сыйбаган аракетинен улам келтирилген зыяндын орду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана негиздерде толтурулат. (КР 2008-жылдын 15-октябрындагы № 213 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-21)  
Кийинки берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-23)
